Ulusal Edebiyat Günü

Anasayfa Haberler

Ulusal Edebiyat Günü

Image

Ош мамлекеттик университетинде 12-декабрь- Улуттук адабият күнүнө карата  “Адабият  ааламында” аттуу   кароо-сынак болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында ОшМУнун профессору, ф.и.д., Гулина Жамгырчиева “Заман чакырыктары көркөм адабиятта” деген темада илимий баяндама жасады.

  “Адабият  ааламында” аттуу   кароо-сынакка ОшМУнун факультет, колледждеринин командалары финалдык беттеште чыгармачылыктарын тартуулашты. Кароо-сынактын 1-этабында студенттер тарабынан Ч.Айтматовдун жана Алыкул Осмоновдун чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр тартууланды. 2-этабында көркөм композициялык окуулар, монологдор орун алды.  Сынакта КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Зинакан Пасаңова калыстар тобунун төрайымы болду.

Жыйынтыгында мыкты чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашкан факультет, колледждердин командалары, аларды даярдап алып чыккан окутуучулар  Ош шаардык мэриясынын  жана ОшМУнун дипломдору, ыраазычылык каттары, акчалай сыйлыктары, баалуу белектери жана Кыргыз эл акыны Тазагүл Закированын 6 томдук чыгармалар жыйнагы менен сыйланышты.  

Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттикк тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Амирбеков жана  жана Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастурахан Шарипова тарабынан демилгеленип уюштурулду.

fotoğraf Galerisi