ОшМУда Улуттук адабият күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Улуттук адабият күнү белгиленди

Image

Ош мамлекеттик университетинде 12-декабрь- Улуттук адабият күнүнө карата  “Адабият  ааламында” аттуу   кароо-сынак өттү. 

Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Амирбеков жана  жана Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастурахан Шарипова тарабынан демилгеленип уюштурулду.

Кечени Ош шаарынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова ачып, Улуттук адабият күнү менен куттуктап, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

 “Адабият  ааламында”  кароо-сынагына ОшМУнун факультет, колледждеринин командалары финалдык беттеште чыгармачылыгын тартуулашты. Кароо-сынактын 1-этабында студенттер тарабынан Ч.Айтматовдун жана Алыкул Осмоновдун чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр тартууланды. 2-этабында көркөм композициялык окуулар, монологдор орун алды.  Сынакта КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Зинакан Пасаңова калыстар тобунун төрайымы болду. 
Жыйынтыгында мыкты чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашкан факультет, колледждердин командалары, аларды даярдап алып чыккан окутуучулар  Ош шаардык мэриясынын  жана ОшМУнун дипломдору, ыраазычылык каттары, акчалай сыйлыктары, баалуу белектери жана Кыргыз эл акыны Тазагүл Закированын 6 томдук чыгармалар жыйнагы менен сыйланышты.  

Ошондой эле ОшМУнун профессору, ф.и.д., Гулина Жамгырчиева “Заман чакырыктары көркөм адабиятта” деген темада илимий баяндама жасады.
Кеченин коноктору Улуттук адабият күнүнө арналган  Искусство факультетинин таланттуу студенттеринин сүрөт көргөзмөсүнө жана окуу жайдын илимий китепканасынын китеп көргөзмөсүнө да  күбө болушту.

Фото галерея