Oş Devlet Üniversitesi öğrencileri "Boorukerdik" evine yardım etti

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi öğrencileri "Boorukerdik" evine yardım etti

Image

ОшМУнун  финансы-юридикалык колледжинин  УКИК-11-1-21 тайпасынын студенттери  Ош шаарындагы  "Боорукердик" карылар жана балдар үйүндө болушту.

Демилге  көтөрүп барган студенттер “Боорукердик”  үйүнүн корооcун тазалап, отундарын жыйып, чарба иштерине жардам көрсөтүштү. Алар күнүмдүк колдонулуучу  жеке гигиеналык каражаттарды да ала барышкан. Тайпанын куратору  Кутман Ашимов мындай иш-чара студенттерди боорукердикке, кайрымдуулукка тарбиялоо, эмгекке үндөө максатында уюштурулгандыгын маалымдады.

Фото галерея