Oş Devlet Üniversitesi'nde tazeleme kursları düzenlendi

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi'nde tazeleme kursları düzenlendi

Image

ОшМУнун окутуучулары «Педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу», («Жогорку окуу жайдагы педагогика», «Психология», «Критикалык ой жүгүртүү», «Педагогикадагы этика», «Риторика. Кеп техникасы», «Интерактивдүү компьютердик технологиялар», «Кредиттик-модулдук системанын негизинде окуу процессин уюштуруу») багытындагы 88 сааттык  квалификацияны жогорулатуу курстарын окушту. 
Курсту Кыргыз улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин тренерлери өтүштү. 
Аталган окууга ОшМУнун  50дөн ашуун окутуучулары катышып,  сертификаттарга ээ болду.
Сертификаттарды тапшыруу аземинде эки окуу жайдын  кызматташтыктарын бекемдөөгө салым кошкон ОшМУнун ректору К.Кожобековго жана   окуу жайдагы жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти Ж. Айтбаевага  КУУнун ректорунун ыраазычылык каттары тапшырылды. 
Иш-чаранын алкагында юридикалык билим берүү тармагында квалификацияны жогорулатуу боюнча натыйжалуу кызматташуу максатында ОшМУ менен КУУнун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум  түзүлдү.

Фото галерея