İşbirliği protokolü imzalandı

Anasayfa Haberler

İşbirliği protokolü imzalandı

Image

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде 31-мартта мекеме-ишканалар менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү. Иш-чарага ОшМУнун орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору Т.Эркебаев, ИПКнын директору О. Шаимкулов, окуу жайдын жамааты, Ош шаары жана облусунан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Индустриалдык-педагогикалык колледжи Ош шаарындагы “Заман” жарнак борбору, “Арсенал” компьютердик кызмат көрсөтүү, “Программ - менеджер” ишканалары, Ош шаардык Жылуулук электр борборунун “Коммуникация жана маалыматтык технологиялар” бөлүмү, “ANSAR” коммерциялык  эмес керектөө кооперативи, “Азия банк” жабык  акционердик коому, “Финка банк” жабык акционердик коомунун Ош филиалы, “Дос- кредобанк” ачык акционердик коому сыяктуу мекеме-ишканалардын жетекчилери  менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасында катышуучулар ОшМУнун алдыңкы тажрыйба борборундагы билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышып, борбордун келечегин, иш берүүчүлөр менен колледждин кызматташуусун, тажрыйба алмашуусун талкуулашты.

2018-жылы Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген. Долбоорго ылайык коледждин базасында алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн.

 

 

 

Фото галерея