Bakan Almazbek Beyşenaliev etkilenen okulu ziyaret etti

Anasayfa Haberler

Bakan Almazbek Beyşenaliev etkilenen okulu ziyaret etti

Image

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 А.Чымканаев атындагы мектебине мугалимдер менен окуучулардан кабар алуу үчүн барды.

Министр билим уясынын биринчи корпусундагы шыбы ураган кабинетти көрүп чыкты. Мектептин абалы менен таанышуу учурунда Терек-Сайга инвесторлордун жардамы менен жаңы билим берүү мекемеси салынары айтылды.

Сапардын жүрүшүндө Айлмазбек Бейшеналиев Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармактагы жаңылануулар боюнча жеринен маалымат берди.

Кырсык учурунда сабакта болгон окуучулардын жана мугалимдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес, сабактарын кадимки режимде улантып жатышат.

Белгилей кетсек, мектептин кырсык катталган корпусунда окуу процесси токтотулган. Билим берүү мекеменин экинчи, жарактуу корпусунда уланууда.

Маалымат жана сүрөттөр Билим берүү жана илим министрлиги баракчасынан алынды.

fotoğraf Galerisi