Педагогика багытында интеллектуалдык таймаш өттү

Anasayfa Haberler

Педагогика багытында интеллектуалдык таймаш өттү

Image

ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасы педагогика дисциплинасы боюнча «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашын өткөрдү.

Таймашка Чыгыш таануу жана тарых факультетинин “Новатор”, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин “Инновация”, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин “Креатив” командалары катышты.

Командалар алгач өзүн тааныштырып, андан соң тарбиянын теориясы, окутуунун технологиясы боюнча тесттик суроолорго жооп беришти. Үчүнчү тапшырмада адамзаттык баалуулук боюнча эссе жазышса, төртүнчү тапшшырмада педагогикалык кырдаалдар боюнча инсценировкаларды аткарды. Жыйынтыгында башчыларынын ортосунда кыргыз окумуштуу, педагогдору жөнүндө маалыматтар тапшырма катары берилди. Бул таймашта бардык тесттик суроолорго жооп берип, тапшырмаларды мыкты деөгээлдн аткарган командалар жалпы жыйынтык боюнча 30 упай алышты. 30 упай алган командаларга II модулдан бошотулушат.

“«Акыл ордо» интеллектуалдык таймашын өткөрүүдөгү негизги максатыбыз окутуу процессинде студенттердин креативдүү компотенцияларын калыптандыруу болуп саналат. Бул иш-чара учурдагы жана аралыктан текшерүүнүн бир формасы катары өткөрүлдү. Мындай интеллектуалдык таймаштар ар семестрде өтүлгөн предметтер боюнча үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат. Мындан сырткары текшерүүнүн формалары ар түрдүү инновациялык формадагы усулдардын алкагында алында да алынат”, -деди педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гулмира Жутанова.

Мелдештин жеңүүчүлөрү уюштуруучулардын дипломдору менен сыйланышты.  

 

fotoğraf Galerisi