Педагогика багытында интеллектуалдык таймаш өттү

Башкы Жаңылыктар

Педагогика багытында интеллектуалдык таймаш өттү

Image

ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасы педагогика дисциплинасы боюнча «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашын өткөрдү.

Таймашка Чыгыш таануу жана тарых факультетинин “Новатор”, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин “Инновация”, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин “Креатив” командалары катышты.

 Командалар алгач өзүн тааныштырып, андан соң тарбиянын теориясы, окутуунун технологиясы боюнча тесттик суроолорго жооп беришти. Үчүнчү тапшырмада адамзаттык баалуулук боюнча эссе жазышса, төртүнчү тапшырмада педагогикалык кырдаалдар боюнча инсценировкаларды аткарды. Жыйынтыгында топ башчыларына кыргыз окумуштуу, педагогдору жөнүндө маалыматтар тапшырма катары берилди. Бул таймашта бардык тесттик суроолорго туура жооп берип, тапшырмаларды мыкты деңгээлде аткарган командалар жалпы жыйынтык боюнча 30 упай алышты. Учурдагы жана аралыктан текшерүүгө ылайык 30 упай алган командалар II модулдан бошотулушту. Мелдештин жеңүүчүлөрү уюштуруучулардын дипломдору менен сыйланышты.  

 “ “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашын өткөрүүдөгү негизги максатыбыз окутуу процессинде студенттердин креативдүү компотенцияларын калыптандыруу болуп саналат. Бул иш-чара учурдагы жана аралыктан текшерүүнүн бир формасы катары өткөрүлдү. Мындай интеллектуалдык таймаштар ар семестрде өтүлгөн предметтер боюнча үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат. Мындан сырткары текшерүүнүн формалары ар түрдүү инновациялык формадагы интерактивдик усулдардын алкагында алынат”,-деди педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гулмира Жутанова.

 

 

 

 

Фото галерея