XV спартакиадада ОшМУ 1-орунду ээледи

Anasayfa Haberler

XV спартакиадада ОшМУ 1-орунду ээледи

Image

Ош шаарында Ош облустук билим берүү  жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлиги уюштурган XV спартакиада өттү.

Спорттук  мелдешке  Ош шаарында жайгашкан 5 жогорку окуу жайы жана 7 райондордон келген командалар спорттун 6 түрү боюнча мелдешти.

Мелдештер эки топко бөлүнүп, ЖОЖдор өзүнчө, райондордон келген командалар өзүнчө таймашты.

Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Ош мамлекеттик университети  ээледи.

Жеңишке жеткен ОшМУнун командалары дээрлик бардык оюндарда 1-орунду багындырган:

Волейбол (агайлар) 1-орун;

Волейбол (эжекелер) 1-орун;

Шахмат (агайлар) 1-орун;

Шахмат (эжекелер) 1-орун;

Стол теннис (эжекелер) 1-орун;

Футбол (агайлар) 1-орун;

Ордо  (агайлар) 2-орун.

Жеңишке жеткен ОшМУнун командаларын жалпы жамааттын атынан куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.

fotoğraf Galerisi