Журналисттер ОшМУнун Алдыңкы тажрыйба борбору менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Журналисттер ОшМУнун Алдыңкы тажрыйба борбору менен таанышты

Image

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери 2023-жылы Алдыңкы тажрыйба борбору заманбап окуу-өндүрүштүк комплексинде иштеп, 2 миллиондон ашуун киреше тапкан.
Маалымат, бүгүн 14-ноябрда  Индустриалдык-педагогикалык колледжинде  Ош шаарындагы ЖМК өкүлдөрү  үчүн уюштурулган пресс-турда айтылды. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр, ректор К.Кожобеков, журналисттер катышты.
Колледжде окутулуп жаткан ишкердүүлүктүн негиздери курсунун алкагында студенттер кол өнөрчүлүк, ашпозчулук багытында өздөрү жасаган эмгектерин көрсөтүштү. Дизайн адистигинде билим алган студденттер тарабынан даярдалган кийимдердин көргөзмөсү көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында журналисттер алдыңкы тажрыйба борбору менен таанышты. ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи 2017-жылы орто кесиптик билим берүү багыты боюнча гуманитардык-педагогикалык колледж болуп өз алдынча түзүлүп, мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класстарда билим берүү жана социалдык иштер адистиктери ачылган. 2018-жылы индустриалдык-педагогикалык колледж болуп түзүлгөн. 
2018-жылы колледж Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген. Аталган долбоордун негизинде пилоттук колледжде Алдыңкы тажрыйба борбору уюшулган.
Алдыңкы тажрыйба борбору – бул орто кесиптик  адистерди даярдаган, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, заманбап, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзгөн, кадр даярдоодо өзгөчө потенциалга, жогорку жетишкендиктерге ээ болгон окуу жай. 
АТБ орто кесиптик билим берүү системасында жаңы окуу программаларын жана мамлекеттик стандарттарды апробациялоо, жумуш ордунда окутуу методикаларын жана ишкердик боюнча модулду киргизүү үчүн аянтча болуп саналат.
АТБда колледждер жана кесиптик лицейлер үчүн педагогдордун жана чеберлердин квалификациясын жогорулатуу иши жүрүүдө.  Долбоордун алкагында азыркы учурда "тигүүчү-бычмачы" кесиби боюнча Ош облусунун кесиптик лицейлеринен 34 педагог жана өндүрүштүк окутуунун устаты билим алууда.
Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн окуу жайда эң мыкты шарттар түзүлгөн.
Жалпысынан окуу жайда долбоордун колдоосу менен 44 421 187 сомго ремонт иштери жүргүзүлүп, 18 861 470 сомго эмерек жана компьютердик жабдуу, 4 733 409 сомго окуу жана өндүрүштүк жабдуу алынган.

Фото галерея