ОшМУнун профессору мал чарбасынын генетикалык ресурстарын сактоону изилдөөдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору мал чарбасынын генетикалык ресурстарын сактоону изилдөөдө

Image

ОшМУнун ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы Абдугани Абдурасулов Өзбекстанда өткөн эл аралык илимий-техникалык конференцияда презентация жасады. Баяндамасында Кыргызстандын түштүгүндөгү мал чарбасынын генетикалык ресурстарын сактоо жана жакшыртуу маселелерине токтолгон.

Иш-чара 13-16 ноябрь күндөрү Самарканд мамлекеттик ветеринардык медицина, мал чарбасы жана биотехнология университетинде болду. Сапарынын алкагында Абдугани Абдурасулов окуу жайдын Нукус филиалынын студенттерине лекция окуду. Мындан сырткары жетекчилиги жана окутуучулар жамааты менен жолукту. Анда алар келечекте академиялык мобилдүүлүк, кош дипломдуулук жана биргеликте илим-изилдөө долбоорлорун аткарууну талкуулашты.

 

Фото галерея