ОшМУда санариптик дүйнөдөгү психологиянын көйгөйлөрү талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда санариптик дүйнөдөгү психологиянын көйгөйлөрү талкууланды

Image

22-ноябрь - Психологдор күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде форум уюштурулду. Иш-чарага Ош шаарындагы тажрыйбалуу психологдор чакырылды. Алар жасалма интеллектти психологияда колдонуудагы өзгөчөлүктөр, жаш балдардын психикалык өзгөчөлүктөрү, алардын сүйлөө кемтиктеринин себептери жана алдын алуу ыкмалары боюнча тажрыйба бөлүштү.

Мындан сырткары ОшМУнун психология кафедрасынын окутуучулары менен студенттери инсандын өнүгүүсүнө психологиянын тийгизген таасири боюнча айтып беришти. Ош жана түштүк аймактарда психологиянын калыптанышынын багыттары боюнча өздөрү жүргүзгөн изилдөөлөрдү талкуулашты.  

Ал эми психологдор, адистер жана студенттер заманбап психологиянын маанилүү маселелерин баарлашты.

Иш-чара санариптик доордо психологиянын ролун талкуулап, көйгөйлөрдү жана чечүү жолдорун сунуштоо максатында уюштурулду. 

Учурда Психология кафедрасында 450дөн ашуун студент билим алат. Окутуучулар менен студенттер окуудан сырткары түрдүү кризистик борборлордо, окуяларда иштеп, акысыз психологиялык жардам көрсөтүп келет.

 

Фото галерея