ОшМУ колго камчы карматып, жумуш жолго салган окуу жай

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ колго камчы карматып, жумуш жолго салган окуу жай

Image

Кеңешбек Сайназаров ОшМУнун чет тилдер факультетинин 1995-жылкы бүтүрүүчүсү

“Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for Common Ground) тынчтык куруу уюмунун Азия региону боюнча кеңешчиси, Өзбекстандагы кеңсесинин деректири 

Эс тартып чоңоюп калган кезде койдун кезүүсүнө чыга турган болдум.

Талаада жүргөндө ар кандай ойлор менен кыялдардын чабытына кирип алып турмуштун келечегин көз алдыма алып келгенди жакшы көрчүмүн. Ошондой учурлардын көбү “мен келечекте кандай окууда окуйм, кандай адам болом, кандай кесиптин ээси болом” деген толтура суроолор эле. Бул ойлор дайыма айылыбыздын өйүзүндө койду жайып коюп, географиялык картанын элеси менен айылдын тээ арт жагындагы бийик-бийик тоолордун артында жайгашкан Ош деген чоң шаардагы жашоону көз алдыма алып келгенде ого бетер күчөйт болчу.

Орто мектепти бүтүп элдерчилеп мен да окууга барам деп оолугуп калдым

Ошентип 1990-жылы июнь айында ал кездеги Тажик Республикасынын Мургаб районуна караштуу Сарык-Могол айылындагы орто мектепти бүтүп элдерчилеп мен да окууга барам деп оолугуп калдым. Атам болсо илгерки партиянын кызматкери катары “сен айылда калып колхоздо иштейсиң, аскерге барасың, анан келип окуйсуң” деп көгөрөт. Каршылыкты күчөтпөш үчүн ортого апамды салып, атамды узак убакытта көндүрүп, 24-июнь күнү жогорку окуу жайга тапшырам деп айылдан райондун борбору болгон Мургаб кыштагына жөнөп кеттим. Ал жактан керектүү документтерди атамдын иниси Маматназар агам менен чогуу даярдап алып дароо эле облустун борбору болгон Хорог аркылуу Душанбе шаарына бардым. 

Окууга тапшырам деген эл көп. Баары эле менден да күчтүү даярданган түрү бар. Аны эстеген сайын ындыным өчөт. Кантсе да колдон келген аракетти кылайын деп эртеден кечке экзамендерге даярданам. Аркы беркини окуйм. Ошентип атып үч экзаменди ийгиликтүү тапшырып, Ош педагогикалык институнун чет тилдер факультетине жолдомо алдым. Сүйүнгөнүмдө чек жок.

       

ОшМУнун чет тилдер факультети турмуш жолго мыкты камдап, атты чоң жүрүшкө таптагандай эки негизги курал берди деп ойлойм.

Адашкан эмес экенмин. Чет тилдер факультетинде өз кесибин сүйгөн агай-эжекелер бар экен. Алардын окуткан сабагын эле эмес, берген тарбиясын да алып чоң турмуш жолуна быштым. Биринчилерден болуп менин англис тилинде сүйлөө кебиме, грамматикама фундамент койгон устаттарым булар болду: Галина Калиева, Фарида Лалаева, Гүлпар Масырова, Шукри Мараш Оглы, Светлана Алымкулова, Галина Цай. Чет тилдерин окутуу методикасы технологиясын жакшы өздөштүргөнгө Александр Лисстин кафедрасында иштеген Айчүрөк Тургунова, Камил Кадыров, Эмма Сагирова жана Альбина Кожонтаевалар чоң көмөк болушту. Жыйынтыгында турмуш жолго мыкты камдап, атты чоң жүрүшкө таптагандай эки негизги курал берди деп ойлойм.

Биринчиден, англис тилин тартынбастан сүйлөп, функционалдуу болушуна шарт түзүштү. Анын натыйжасында кандай гана аудиторияда болбоюн, кайсы деңгээлдеги студенттер, же профессионалдар менен баарлашпайын тилдин кебин өздөштүргөн, ар бир жагдайда маекти алып кеткен, ар кайсы тармактардан талкуу жүргүзгөнгө кругозор кенен өнүмдү даярдады десем болот. Аны кийин окууну бүткөн соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет тилдер факултетине орношкондо байкадым. Мага эң күчтүү деген группаны кураторлук кылганга берсе деле ага ылайык тил жөндөмүмдүн жетишкендиги менен берилген тапшырманын өтөсүнө чыга алдым.

Экинчиден, чет тилин өздөштүрүүдө колдонулуучу ар кандай методиканын байлыгы болду. Аны өзүм сабак өткөндө да, студенттерди практикага алып чыкканда жетекчилик кылганда да сездим. Кандай гана оор темалар болбосун методиканын ар тараптуу тактикаларын колдонуп үйрөнүүчүлөргө жөнөкөй жана жатык тилде түшүндүрүп, аны практикада колдонуп кетишине көмөктөшө алдым.

Ушундай байлыктарды мага кут куйгандай топтоп берген ОшМУнун чет тилдер факультетине терең ыраазычылыгымды билдирем.