Гуманитардык илимдер ОшМУ ЖАРЧЫСЫ 2021(№1)
Табигый илимдер ОшМУ ЖАРЧЫСЫ 2021
Педагогика и психология ОшМУ ЖАРЧЫСЫ 202
Педагогика и психология Юбилей С.М. Момуналиева 2021
Педагогика,Филология К.Абдиев юбилей
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына
Математика, Техника, Физика 2021
Филологи Педагогика Юбилей 70жыл
Коомдук-гуманитардык илимдер Ж.Абдырахманов 2021
ОшМУ Жарчысы №1. 2022, Математика, физика, техника
Ош мамлекеттик университетинин илимий журналы 2000-жылдын 28-декабрь айында Кыргыз мамлекеттик китеп палатасынан каттоодон өтүп, ISSN 1694-7452 номерге ээ болуу менен “ОшМУ Жарчысы” деген наам менен бүгүнкү күнгө чейин жылына төрт ирет чыгууда. Бул журналдын максаты – университете эмгектенген профессордук-окутуучулар жааматынын илимий эмгекттерин жарыялоо.Ал эми Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги тарабынан 2014-жылдын 25-август айындагы №003782, ГР сериялуу күбөлүк кайра алынып, масалык маалымат каражатынын аталышы “ОшМУнун жарчысы ” Журналы деп аталып, үч тилде (кыргыз, орус, англис) жарыяланат. Ал эми 2016-жылдын 13-октябрында №564-10/2016 аталыштагы РИНЦ (Российский индекс научного цитирования) илимий электронный библиотека (e-library) менен келишим түзүлүп бүгүнкү күнгө чейин иш алып барылууда. Жыйнактын электрондук версиялары www.oshsu.kg, vestnik.oshsu.kg, e-library.ru сайттарына жүктөлүп, автор өзүнүн макаласын эркин кирип көрүүгө болот.2010-2020-жылдары «ОшМУнун жарчысы» илимий журналынын 46 санында жарык көргөн 2089 илимий макаланын электрондук версиясы (375-2020-жылга) e-LIBRARY.RU (РИНЦ) сайтына жайгаштырылды. “ОшМУнун Жарчысы” илимий журналы азыркы убакта 5 багыт боюнча жарык көрүп жатат жана сандык көрсөткүчтөн сапаттык көрсөткүчко көбүрөөк көңүл бурулууда. Бул багытта журналдын импакт-факторун көтөрүү максатында илимий журналдын атайын саясаты иштелип чыгып ОшМУнун ректорунун колу менен бекитилген. “ОшМУнун Жарчысы” илимий журналынын импакт-фактору нөлдон жогорулагандыгына байланыштуу жакынкы чет өлкөлөрдөн келген макалаларды илимий журналга чыгарууга сунушталууда. Ошондой эле 2020-жылдын декабрында өткөн Жогорку Аттестациялык Комиссиянын чечими менен илимий журналыбызда жарык көргөн макалаларга 18 деген жогорку балл берилген. Учурда “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынын багыттар боюнча жарыкка чыгаруу, РИНЦтин сайтына, ЖАКтын сайтына жүктөө процесси жүрүп жатат.
Журналдын секцияларга бөлүнүүсү
1-серия |
Физика, Математика, Информационные технологии, Экономика, |
ISSN 1694-7452 |
2-серия |
Табигый илимдер: Биология, Химия, География, Айыл-чарба |
ISSN 1694-7452 |
3-серия |
Коомдук-гуманитардык илимдер: Тарых, Юридика, Теология, Философия, эл аралык байланыштар, Политология, Аймак таануу |
ISSN 1694-7452 |
4-серия |
Педагогика Филология Психология |
ISSN 1694-7452 |
5-серия |
Медицина |
ISSN 1694-7452 |
Байланыш телефону: |
Электрондук адрес |
Тел: +996322270828 Факс: +996322270915 |
journal@oshsu.kg |