ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратына 4-курстун студенти Бекжан Жумабаев шайланды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратына 4-курстун студенти Бекжан Жумабаев шайланды

Image

Ош мамлекеттик университетинде 6-майда студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму болуп саналган студенттик акыйкатчы аппаратына шайлоо уюштурулду.

Шайлоого ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин атынан дайындалган 192 делегат катышып, бюллетень аркылуу добуш беришти.

Алгач университетте 2 жыл аралыгында студенттик акыйкатчы аппаратын жетектеп келген Адилет Абдырахманов  аткарылган иш-аракеттери боюнча жыйынтык отчетун берди. Андан соң студенттик акыйкатчы аппаратына талапкерлигин  койгон 5 студент делегаттарды өздөрүнүн платформалары менен тааныштырып, берилген суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 4-курсунун студенти  Бекжан Жумабаев  студенттик акыйкатчы аппаратына шайланды. ОшМУнун кесиптик кошуунунун төрагасы Абсамат Саттаров  шайлоонун төрагасы  кызматын алып барды.  

Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери тарабынан 2 жылдык мөөнөт менен бир жолу шайланат. Акыйкатчы аппараты студенттердин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуучу орган.

 

Фото галерея