ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратына 4-курстун студенти Бекжан Жумабаев шайланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратына 4-курстун студенти Бекжан Жумабаев шайланды

Image

Ош мамлекеттик университетинде 6-майда студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму- студенттик акыйкатчысына шайлоо өттү.
Шайлоого ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерден 192 делегат  добуш беришти. 
Алгач университетте 2 жыл аралыгында студенттик акыйкатчы аппаратын жетектеп келген Адилет Абдырахманов  аткарылган иш-аракеттери боюнча жыйынтык отчетун берди. Андан соң студенттик акыйкатчы аппаратына талапкерлигин  койгон 5 студент өздөрүнүн платформалары менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти.
Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон     Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 4-курсунун студенти  Бекжан Жумабаев  студенттик акыйкатчы аппаратына шайланды. ОшМУнун кесиптик кошуунунун төрагасы Абсамат Саттаров  шайлоонун төрагасы  кызматын алып барды.  
Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери тарабынан 2 жылдык мөөнөт менен бир жолу шайланат. Акыйкатчы аппараты студенттердин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылат.

 

Фото галерея