Webometrics: ОшМУ Кыргызстандагы эң мыкты беш окуу жайдын бири

Anasayfa Haberler

Webometrics: ОшМУ Кыргызстандагы эң мыкты беш окуу жайдын бири

Image

ОшМУнун www.oshsu.kg сайты дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын Webometrics рейтингинде Кыргызстандын университеттеринин алдыңкы бештигине кирди.

Webometrics Ranking of World Universities-веб-контенттин көлөмүн (баракчалардын жана файлдардын санын) жана басылмалардын ачык-айкын таасирин эске алган дүйнөлүк университеттик рейтинг системасы.

Аталган рейтинг Испаниядагы Cybermetrics Lab тарабынан 2004-жылдан бери жылына эки ирет рейтинг жарыялайт.  Анда дүйнөдөгү 200дөн ашуун өлкөнүн 31 000 жогорку окуу жайлары бааланат.

Рейтингдин максаты – жогорку окуу жайлардын  интернеттеги катышуусун кеңейтүү жана илимий иш-аракеттердин натыйжаларын ачык жарыялоого көмөктөшүү.

Фото галерея