Öğrencilerimiz Oş Belediye Binası etkinliklerinde

Anasayfa Haberler

Öğrencilerimiz Oş Belediye Binası etkinliklerinde

Image

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарынын брендинин жана Ош шаарында туризмди өнүктүрүү программасынын презентациясын жасады. Презентацияда Ош шаарында туризмди өнүктүрүү боюнча атайын түзүлгөн жумушчу топтун жасаган иштеринин жыйынтыгы, туризмди өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан программа коомчулукка тааныштырылды.

Бул иш-чараны уюштуруу иштерине ОшМУнун  эл аралык билим берүү  программаларынын жогорку мектебинин түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн туризм программасынын студенттери программа жетекчиси Айнура Кулназарованын жетекчилиги астында  катышышты. Журналистика программаснын студенттери Ош шаарынын мэриясынын пресс-борбору менен тыгыз кызматташып келет, маалыматтардын коомго жайылышына салым кошуп келишет. Аталган жыйында Айнура Кулназарова туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош шаардык мэриясынын ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Презентацияга ылайык эми Ош шаары дүйнөлүк туризм рыногуна өздүк бренди менен чыгары маалым болду. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты. Туризмди өнүктүрүү максатында Ош шаарынын логотиби, бирдиктүү брендбугу иштелип чыгып, Ош – Улуу Жибек Жолунун провайдери слоганынын астында иш-чаралар уюштурулмакчы.

fotoğraf Galerisi