Cadiz Üniversitesi ile işbirliğini genişletmek

Anasayfa Haberler

Cadiz Üniversitesi ile işbirliğini genişletmek

Image

ОшМУнун ректору К.Кожобеков жана Эл аралык медицина  факультетинин деканынын м.а. Р.Калматов 14-19-март күндөрү Испаниянын Кадис университетинде иш сапарда болду.

Кадис университетинин ректору Франсиско Пиниелла Корбачо менен жолугушуп, эки тараптуу өнүгүүнүн перспективаларын талкуулашты. Анда биргелешкен PhD программаларын ишке ашыруу, жаш изилдөөчүлөр үчүн стажировкаларды уюштуруу, диссертацияларга биргелешип  жетекчилик кылуу маселелери боюнча пикир алышты. Ошондой эле ОшМУнун базасында Испаниянын маданият күндөрүн өткөрүү пландалды. Жыйындын алкагында ушул жылы  23-25-май күндөрү Кадис университетинин делегациясынын жооп иш сапары болору маалым болду.

Иш сапардын алкагында Кадис университетинде мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан студенттер менен жолугушту.  

2022-жылдын апрель айында илимий диссертацияларга биргелешип жетекчилик кылуу боюнча программаларды ишке ашыруу максатында ОшМУнун профессорлорунан турган делегация  Кадис университетине барышат.

ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен "Эразмус+" программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 2011-жылдан бери кызматташып келет.

 

fotoğraf Galerisi