Кадис университети менен кызматташуу кеңейет

Башкы Жаңылыктар

Кадис университети менен кызматташуу кеңейет

Image

ОшМУнун ректору К.Кожобеков жана Эл аралык медицина  факультетинин деканынын м.а. Р.Калматов 14-19-март күндөрү Испаниянын Кадис университетинде болду.

Кадис университетинин ректору Франсиско Пиниелла Корбачо менен жолугушуп, эки тараптуу өнүгүүнүн перспективаларын талкуулашты. Анда биргелешкен PhD программаларын ишке ашыруу, жаш изилдөөчүлөр үчүн стажировкаларды уюштуруу, диссертацияларга биргелешип  жетекчилик кылуу маселелери боюнча пикир алышты. Ошондой эле ОшМУнун базасында Испаниянын маданият күндөрүн өткөрүү пландалды. Жыйындын алкагында ушул жылы  23-25-май күндөрү Кадис университетинин делегациясы ОшМУга келээри айтылды.

Иш сапардын алкагында К.Кожобеков Кадис университетинде мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан студенттер менен жолугушту. 

2022-жылдын апрель айында илимий диссертацияларга биргелешип жетекчилик кылуу боюнча программаларды ишке ашыруу максатында ОшМУнун профессорлорунан турган делегация  Кадис университетине барышат.

ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен "Эразмус+" программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 2011-жылдан бери кызматташып келет.

 

 

Фото галерея