Oş Devlet Üniversitesi heyeti Buhara Devlet Tıp Enstitüsünde

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi heyeti Buhara Devlet Tıp Enstitüsünde

Image

ОшМУнун окумуштууларынан турган делегация Абу Али ибн Сино атындагы Бухара мамлекеттик медицина институту уюштурган эл аралык  конференцияга катышты.

“Заманбап морфология жана анын клиникалык илимдер менен интеграциясы” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция 4-5-май күндөрү “Сахид Зарафшан” мейманканасында  өттү.

“Конференцияга ОшМУнун медицина, эл аралык медицина факультеттеринен окумуштуулар катышып, илимий баяндамаларды жасашты. Иш-чаранын алкагында Бухара мамлекеттик медицина институту менен ОшМУнун ортосундагы карым-катыштарды бекемдөө, билим берүү, илим изилдөө багыттарында кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болду”,-деди делегацияны жетектеп барган гистология жана патанатомия кафедрасынын доценти Абсамат Саттаров.

Конференция Бухара мамлекеттик медициналык институту жана Өзбекстандын Морфологдор Ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Фото галерея