![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
ОшМУнун окумуштууларынан турган делегация Абу Али ибн Сино атындагы Бухара мамлекеттик медицина институту уюштурган эл аралык конференцияга катышты.
“Заманбап морфология жана анын клиникалык илимдер менен интеграциясы” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция 4-5-май күндөрү “Сахид Зарафшан” мейманканасында өттү.
“Конференцияга ОшМУнун медицина, эл аралык медицина факультеттеринен окумуштуулар катышып, илимий баяндамаларды жасашты. Иш-чаранын алкагында Бухара мамлекеттик медицина институту менен ОшМУнун ортосундагы карым-катыштарды бекемдөө, билим берүү, илим изилдөө багыттарында кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болду”,-деди делегацияны жетектеп барган гистология жана патанатомия кафедрасынын доценти Абсамат Саттаров.
Конференция Бухара мамлекеттик медициналык институту жана Өзбекстандын Морфологдор Ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулган.