Коррупциялык тобокелчиликтерди алдын-алуу иштери жүрүп жатат

Anasayfa Haberler

Коррупциялык тобокелчиликтерди алдын-алуу иштери жүрүп жатат

Image

ОшМУнун Административдик кеңешинин 2022-жылдын 21- январындагы №12 протоколунун негизинде 1-токтомун бекитүү боюнча 5 буйрук кабыл алынган. Анда ОшМУда коррупцияны алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча коммисиянын штабынын иштерин күчөтүү, факультеттин декандары, колледждердин директорлору жана кафедра, цикл башчылары коррупциялык тобокелчиликтердин алдын-алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу, сынактардын бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүшүн камсыздоо, тестирлөө борборлорундагы компьютердерди талапка ылайык иштөөсүн камсыздоо иштери каралган. Бул иш аракеттерди жалпы көзөмөлдөө ОшМУнун коррупцияны алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы Абсамат Саттаровго жүктөлгөндүгү буйрук кылынган.

Учурда бул иш аракеттерге жалпы түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты менен биргеликте ишке ашууда. Студенттик акыйкатчы аппараты ар бир факультет, колледждерде  студенттери менен жолугушууларды өткөрүп, маалымат беришкен. Студенттердин арасында "Биз коррупцияга каршыбыз" аттуу видео конкурс да өткөрүлгөн. Ар бир факультет колледждин имараттын кулактандыруу жайына ОшМУнун акыйкатчы аппаратынын жетекчисинин кайрылуусу орнотулган. Факультет колледждин студенттик акыйкатчы бурчтарын жандандырып, анын ичине студенттин укук-милдеттерин, укугу бузулса кимге кайрылуусу керек экендиги жөнүндө маалыматтар жайгаштырылган. Ал эле эмес алдыда ар бир факультет колледждин акыйкатчылары, декан, директорлор алдында коррупциялык иштердин алдын-алуу, бүтүрүүчү курстардын мамлекеттик экзамендери, дипломдук коргоолору таза өтүүсү боюнча жыйындарды өткөрүшкөн.

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты окуу жайдын “Үмүт” телестудиясы, “Нур” гезити менен биргеликте факультет, колледждерди кыдырып, жеринен студенттерден маалымат алуу иштери жүрүүдө.

fotoğraf Galerisi