Адрес | Ош шаары Н. Исанов көчөсү 77 |
Телефон | +996 551 885 258 +996 550 480 340 |
Факс | |
Веб-сайт | http://ttgf.oshsu.kg/ |
Табият таануу жана география факультети жогорку билим берүү жана илим изилдөө жаатында салттуу түзүмгө ээ болуп, Ош мамлекеттик университети менен жашташ болуп келе жаткан факультет болуп саналат. Анын өсүп-өнүгүү таржымалы университеттин өнүгүү тарыхы менен тыгыз айкалышып келет.
Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы №1142-токтомуменен Ош мугалимдер институту ачылып, 1940-жылы анын базасында биринчи жолу табият таануу-география адистигине студенттер кабыл алынган. 1952-1953-окуу жылында табият таануу факультетинде ботаника, зоология, химия жана дене тарбия кафедралары өз ишмердүүлүктөрүн алып барышкан. 1954-1955-жылдары табият таануу факультети биология факультети деп аталып, анда тажрыйбалуу педагог-окумуштуулар – илимдин кандидаттары, доценттер А.З.Аниканова, Ю.И.Китаев, Л.И.Кочкорный, А.И.Крапивина, Ю.Я.Тильманс, улук окутуучулар Т.Айдашев, И.И.Ибрагимов, Э.Оморовдор иштей башташкан. 1960-жылы жогоруда көрсөтүлгөн адистиктер менен катар география боюнча жаңы адистер даярдала баштаганга байланыштуу факультет табият таануу жана география факультети деп өзгөртүлгөн. Анын материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базасын кеңейтүү үчүн Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде агробиостанция түзүлүп, ал жерде ботаника, зоология жана айылчарбанын негиздери предметтери үчүн лабораториялар ачылып, илимий-изилдөө багытындагы эксперименттер да жүргүзүлө баштаган. Алгачкы дендропарк, оранжерея, гүл бакчасы, балык өстүрүүчү көлмөлөр, бассейндер, талаа жана лабораториялык практикумдар үчүн атайын бөлүмдөр түзүлгөн.
1966-1973-жылдары табият таануу жана география факультети кайрадан биология факультети деп аталып, аны б.и.к., доцент Б.Алышбаев жетектеп келген.
Билим берүү менен өндүрүштүн байланышы тууралуу концепция кабыл алынып, анын негизинде биология, зоология, ботаника жана химияны окутуунун методикасы кафедрасы ачылып, лабораториялык-практикалык сабактар тиешелүү чарбаларда өткөрүү практикалана баштаган. Илим изилдөө жагынан факультеттин окумуштуулары тарабынан жергиликтүү фауна менен флора өкүлдөрүн изилдөөгө басым жасала баштаган. Бул мезгилдерде кафедралардын курамы факультеттин алдыңкы бүтүрүүчүлөрү Б.Мурзубраимов, Б.Каримова, К.Матикеев, Ж.Эргешбаев, Ш.Абжамилов, Н.Матамаров, А.Киргизбаев, Д.Т.Алтыбаева ж.б. менен толукталган.
1985-жылы зоология кафедрасынын базасында география адистиги кайра ачылган.
Бүгүн табият таануу жана география факультети түштүк аймакта гана эмес, Кыргызстандын жана Фергана өрөөнүнүн масштабында химия, биология, география, туризм жана геодезия багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча таанылган билим берүү жана илимий борбор болуп эсептелет. Анын материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базасы азыркы жогорку мектептин бардыкталаптарына жооп берет. Адистерди сапаттуу даярдоо багытында эл аралык стандарттарг аылайык келген шарттар толук түзүлгөн. Факультеттин учурдагы жетишкен ийгиликтери – көп жылдар бою факультетти жетектеп келген декандардын жана профессордук-окутуучулук курамдын талыкпаган эмгегинин натыйжасы. Факультеттин өнүгүү тарыхында м.и.к., доцент Ч.Ж.Жумабаев (1974-1986), х.и.д., профессор Б. Мурзубраимов (1986-1988, (1990-1993), б.и.к., доцент А.Киргизбаев (1988-1990), х.и.к., доцент Д.Т.Алтыбаева (1993-1998), х.и.к., доцент А.Т.Токтомаматов (1998-2003), б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева (2003-2005), б.и.к., доцент О.Коланов (2005-2014), х.и.к., доцент Т.А.Мамытов (2014-2019) жетектешти.
2019-жылдын 19-январынан бери декандык кызматты г.и.д., профессор А.Г.Низамиев аркалап келүүдө. Анын биринчи иш-аракеттери факультеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен башталды: ботаникалык бактын территориясы темир-бетон дубал менен тосулду; окуу корпусунун алдыңкы аянтын көрктөндүрүүнүн негизинде реконструкциялоо жүргүзүлдү; эл аралык долбоорлордун негизинде 5 млн сомдук компьютердик жабдуулар алынып, ГИС-технологиясы боюнча жана мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу боюнча борборлор түзүлдү.
Учурда факультеттин материалдык-техникалык базасын ар тараптан чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, алгылыктуу иш-аракеттер болуп жатат: окуу корпусу толук капиталдык оңдоодон өттү, спорттук жана актылык залдар оңдолуп, сыртта айланасы тосук кичи футбол аянтчасы курулду, заман талабына төп келген китепкана жана окуу залы ачылды, имараттын жылытуучу системасы жакшыртылды, лабораториялар жана окуу кааналары тынымсыз заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалууда, илимий иштерди аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө басым жасалууда жана анын натыйжасында окутуучулар тарабынан диссертацияларды коргоо ыкчамдады ж.б.
Факультеттин окуу, илим изилдөө, маданий-тарбиялык жана спорттук-эс улуу иштер үчүн бүгүнкү күндө материалдык-техникалык базасы төмөндөгүдөй структурага ээ: 33 аудитория, анын ичинен 6 лекциялык зал,9 лаборатория, академик Б.Мурзубраимовдун музейи, профессор Ч.Жумабаев атындагы анатомиялык-окуу музейи, профессор Б.Кулназаров атындагы окуу-илимий борбор, мейкиндик маалыматтарды талдоо жана кырсыктар тобокелчиликтерин азайтуу технологиялары боюнча эл аралык борбор, ресурстук борбор, биологияны окутуунун теориясы жана методикасы боюнча типтүү каана, жандуу бурч, 2 компьютердик класс, 5000 аталыштагы коллекциясы бар гербарий фонду, спорт зал жана футбол аянтчасы, 650 орундуу чоң актылык зал, 60000 китеби бар китепкана, 5,8 га аянттагы ботаникалык бак, 80 орундуу ашкана ж.б.