Чыгыш таануу жана тарых факультети

Üniversite Yapı Fakülteler Doğu Çalışmaları ve Tarihi Fakültesi

Чыгыш таануу жана тарых факультети

Адрес Ош шаары И.Раззаков проспектиси 21
Телефон (3222)8-48-22
Факс
Веб-сайт http://history.oshsu.kg
E-mail Sarstanov@oshsu.kg

Факультеттин тарыхы

Чыгыш таануу жана тарых факультети университеттин курамындагы алгачкы структуралардан болуп, 1939-жылы Ош мугалимдер институту ачылгандаанын курамында тарых факультети катары түзүлгөн. 1941-жылы Ош мугалимдер институтун аякташкан алгачкы 33 бүтүрүүчүнүн  9у тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрү болушкан.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 1942-44-жылдары Ростов университетиэвакуацияланыпкелип, Ош мугалимдер институту менен чогуу бир окуу жай катары иштеп турган. Европалык илим-билимди алып жүргөн ростовдук илимпоздор, алардын арасында тарыхчылар жергиликтүү илимий билим берүүгө чоң таасирин тийгизишкен. Белгилей кетсек, 1944-жылы май айында Ростов университети өз мекенине көчүп кеткенде, алардан Ош мугалимдер институтунда иштеп калышкан үч окутуучусунун бири–тарых илимдеринин кандидаты Я.Г.Рубин болгон.

Согуштан кийинки мезгилде факультеттин курамында “СССРдин жана Кыргыз ССРинин тарыхы” жана “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” кафедралары иштеп турган. 1947-жылы белгилүү тарыхчы, профессор А.Н. Бернштам Ош мугалимдер институтуна келип, студенттерге “Кыргыз элинин тарыхы” деген темада лекциялардын курсун окуп кеткен. Бул мезгилде факультетте С.Камалов, И.Джилкичиев, Хашагульгов, Игликов, Айнабеков, Тилегеновдор эмгектенишкен.

1951-жылы Ош мугалимдер институту педагогикалык институт болуп кайра түзүлгөндө, тарых адистиги жабылган. 1960-жылы институттатарых адистиги тарых-филология факультетинин бөлүмү болуп кайрадан ачылган. 1964-жылы бөлүм өз алдынч тарых факультети болупт үзүлгөн. Бирок айрым саясий себептерден улам 1969-жылы тарых факультети кайрадан жабылып, студенттер Фрунзе шаарында жайгашкан КМУнун тарых факультетине которулушкан.

Бул жылдары тарых факультетинин декандык  кызматын Д. Эгемназаров, К.Камчибеков, А.Чонтаева, Ж. Алтымышбаевдер аркалашкан. 1964-1969-жылдары факультеттин курамындагы “Тарых” кафедрасынт.и.к., доцент И. В. Гришков жетектеген.   Факультетте бул кезде өз кесибине берилген жогорку профессионалдуу  адистер А.Л. Кац, В.Ф. Шелике, Ю.Н. Клейманов, Д.Э. Эгемназаров, О.К. Кулатов, Е.Т. Федина жана башкалар эмгектенишкен.

Заман талабына ылайык, 1985-жылы тарых адистиги Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында кайрадан ачылган. 1988-жылы тарых бөлүмү өз  алдынча факультет статусуна ээ  болуп, тар.и.к., доцент Ташманбет Кененсариев факультеттин декандык кызматына шайланган. Бул учурда факультеттин структурасында 2 кафедра: “Жалпы  тарых” (жетекчиси – Т.Нурдинова) жана “СССР тарыхы” (жетекчиси – Д.Эгемназаров) түзүлгөн. Окутуучулардын жалпы саны 18, алардын ичинен 5 илимдин кандидаты болгон. Факультетте окуу-тарбиялык иштер менен бирге Кыргызстандын  тарыхы, археология жана нумизматика илимдеринин актуалдуу маселелерин изилдөөгө көңүл бурула баштаган. Илимий изилдөө иштеринде профессор Т.Кененсариев, доценттер Э.Сулайманов, А. Табышалиевалар чоң салым кошушкан.

1992-жылы окуу жайыбыз Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөндө факультет “Тарых-укук факультети” болуп  өзгөртүлгөн. 1993-1998-жылдары филос.и.д., профессор Ш. Базарбаев, 1998-2000-жылдары тар.и.д., профессор У.Чотонов, 2000-2006-жылдары тар.и.к., доцент Т. Кадыров факультетти жетектешкен. Бул учурдагы факультетте төрт кафедра: “Кыргызстан тарыхы” (башчысы тар.и.к., доцент С.Смадияров), “Жалпы тарых” (башчысы тар.и.д., профессор Б.Нурунбетов), “Археология жана этнология” (башчысы тар.и.к., доцент К. Малтаев), “Тарыхты окутуунун усулу” кафедрасы (башчысы тар.и.к., доцент Т.Өмүрзакова) болгон.

2006-жылы тарых-философия факультети түзүлүп, аны тар.и.к., доцент Ж.Адилбаев жетектеген, 2008-жылы кайрадан юридика адистиги бириктирилип, факультет тарых-юридика болуп өзгөрүп, 2008-2009-ж.. ю.и.к., доцент Э.С.Токторов, 2009-2014-жж. ю.и.д., профессор Г. Кулдышевалар жетектеген.Ал мезгилде факультетте тарых, юриспруденция, бажы иши, социалдык иштер адистиктери даярдалган.

2014-ж жылы сентябрь айында тарых факультети өз алдынча факультет болуп түзүлүп, 2019-жылга чейин тар.и.к., доцент С.А.Смадияров жетектеген. 2019-жылы факультет чыгыш таануу жана тарых факультети болуп түзүлүп, сентябрь-декабрь аралыгында декандын милдетин аткаруучу болуп та.и.к., доцент Ж.С.Бөтөнөев иштеген.

2019-жылдан тар.и.к., доцент С.А.Арстанов жетектеп келүүдө.

Факультеттин миссиясы – тарых профили боюнча социалдык-экономикалык билим берүү багытында атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Факультеттин максаты – ааламдашуу процессинде тез өзгөрүлүп турган замандын шарттарында компетенттүүлүккө багытталган кесипкөй, заманбап педагогикалык тармактагы адистерди даярдап чыгаруу.

Факультеттин милдети – улуттук жана эл аралык деңгээлде атаанд

аштыкка туруштук берген татыктуу кадрларды даярдоочу устат болуу. Ар бир студентти окууга, жашоого, чыгармачыл болууга үйрөтүү.

Чыгыш таануу жана тарых факультетинде “социалдык-экономикалык билим берүү” жана “чыгыш таануу жана африканистика” багытында “бакалавр” жана “магистр” программасы боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Факультеттин окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштерин үч кафедра:  “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу”, “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология”, “Чыгыш таануу жана африканистика” кафедралары ийгиликтүү жүргүзүп келет. Жалпы 42 профессордук-окутуучулык курам эмгектенүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Фото галерея