ОшМУнун “Бизнес паркынын” стартаперлери 851 миң сомдук грант утуп алышты

Башкы Окуялар

ОшМУнун “Бизнес паркынын” стартаперлери 851 миң сомдук грант утуп алышты

Image

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн «Студенттик стартап» программасында ОшМУнун студенттеринин “G-Face” (742 миң сом) жана “ZN Incluzive” (109 миң сом) стартап долбоорлору 851 миң сом грант утуп алышты. Каржылоо жана ишке ашыруу 2025-жылда башталат.

Стартап долбоорлордун жыйынтыгын чыгаруу 19-декабрда “Ынтымак ордо” президенттик администрациясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында өткөн. Отурумга ОшМУнун стартаперлери онлайн катышып, финалга чыккан долбоорлорун презентация кылышты. Жыйынтыгында өлкө боюнча жети стартап долбоор «Студенттик стартап» сынагынын жеңүүчүлөрү деп табылган. Анын ичинен экөө ОшМУнун Бизнес паркынын резидент-студенттери.

Алар:

1. GFace технологиясы – көздүн кыймылы аркылуу компьютерди башкаруу системасы;

2. ZN brend – ZN Inclusive – инклюзивдик кийим дизайны жана өндүрүшү.

 «Студенттик стартап» программасы Министрлер кабинетинин колдоосу менен өтүп келет.  

Эске салсак: «Студенттик стартап» сынагынын 2023-жылы уюштурулган пилоттук долбоорунда ОшМУнун стартаперлери ишке ашырып жаткан “Акылдуу тосмо” долбоору жеңүүчү болуп, 638 миң сом каржылоо алган.

 

Фото галерея