ОшМУнун жамаатына жаңы жылдык кече өткөрүлдү

Башкы Окуялар

ОшМУнун жамаатына жаңы жылдык кече өткөрүлдү

Image

Ош мамлекеттик университети жаңы 2025-жылды утурлай жалпы жамаат үчүн салатанаттуу жаңы жылдык кече өткөрдү. Окуу жайдын кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган майрам 28-декабрда Ош шаарындагы “Олигарх” ресторанында өттү. 

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жалпы жамаатты жаңы жылы менен куттуктап, бир жыл аралыгында окуу жайда болгон жетишкендиктер боюнча маалымат берди. Өз сөзүндө ал узап бара жаткан жылда университет QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болгонун, эл аралык QS рейтингинде Азиядагы эң мыкты окуу жайлардын ичинен 260-орунду, Орто Азия боюнча 13 университеттин катарына киргенин айтты.

Ушул жетишкендиктерди белгилеп, кечеде 40 килограмм торт символикалуу кесилип, таттуудан жалпы жамаат ооз тийди.

Мындан тышкары Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Орунбек Коланов, Камкорчулар кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов, кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров куттуктоо сөз айтышты.

Кечеде кесиптик бирлик тарабынан лотерея ойнотулду. Анда утушка ээ болгон окутуучуларга “Жалал-Абад”, “Мамакеев”  санаторияларына, Кочкор-Ата шаарындагы "Керемет" эс алуу жайына жолдонмолор, балуу белектер тапшырылды. Майрамдык иш чара Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.

 

Фото галерея