ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Жаны жылдык куттуктоосу

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Жаны жылдык куттуктоосу

Image

Кадырлуу  кыргыз элим!

Урматтуу мекендештер!

Сүйүктүү Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери, ардактуу кесиптештер, студент достор!

Мен баарыңыздарды алдыбызга жаңы максаттарды койгон аруу-тилектердин майрамы,  жакшы үмүттөрдүн жарыгын чачып кирип келе жаткан 2025-жыл  жаңы жылыбыз менен чын дилимден куттуктаймын!

Узап  бара жаткан жыл мамлекетибизде да ийгиликтүү жылдардан болду. Элибиздин эртеңи үчүн кам көргөн алгылыктуу иштер жасалгандыгын, билим берүү, илим изилдөө, спорт багыттарында өзгөчө колдоолор болгондугун айта кетпесек болбойт. Мындай колдоону сезген жаштарыбыз татыктуу билим алып, кайсы тармакта болбосун өлкөнүн туусун бийик желбиретип жатканын белгилегим келет. Өзгөчө Париж олимпиадасында спортчуларыбыз бар күчүн жумшап, туубузду бийик көтөрүп, элибизди-жерибизди таанытты. Алардын катарында биздин сыймыктуу бүтүрүүчүбүз Мунарбек Сейитбек уулу бар экендиги да бизди сыймыктандырат.

2024-жыл Ош мамлекеттик университети үчүн ийгиликтердин жылы болду. Окуу жайыбыздын коомдогу, эл аралык деңгээлдеги бедели көтөрүлдү. Алдыга койгон максаттарыбыз, изденүүлөр, демилгелер түшүмүн бере баштады. 2023-2026-жылдарга карата  түзүлгөн университеттин стратегиялык өнүгүү программасынын алкагында алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Ушул жылы окуу жайыбыздын 85 жылдык мааракесин белгиледик. Учурда ОшМУ Өзгөчө макамга ээ болгон университет катары билим, илим жана өндүрүштү айкалыштырып, заманбап өндүрүштүк борборлорду  ачып, окутуунун дуалдык системасын ишке ашырууда.

2023-2024-окуу жылында QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде “төрт жылдызга” ээ болду.

Эл аралык QS рейтингинде Азиядагы эң мыкты 984 окуу жайдын ичинен 260-орунду, Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен эң мыкты 13 университеттин катарына кошулдук.

“IAAR Eurasian University Ranking  (IAAR EUR) - 2024” эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээлөө менен Евразиядагы эң алдыңкы университеттердин үчтүгүнө кирдик.

Билим берүүнүн сапатын көтөрүү, студенттерибиздин билим алуусуна шарттарды түзүү жаатында бир топ окуу имараттарыбыз, клиникаларыбыз курулуп пайдаланууга берилди, курулуш иштери жүрүп жаткандары да арбын.

Учурда №12 лицейдин базасында 2 кабаттуу окуу-өндүрүштүк устаканын, Ош шаарынын эски ооруканасынын ордуна 7 кабаттуу ОшМУнун медициналык клиникасын курулуш иштери жүрүп жатат.

Ал эми «Ыйман» гимназиясынын окуу имараты жана 100 орундуу балдар бакчасы жакынкы күндөрү ачылуу алдында турат.

Алдыда 9 кабаттуу студенттик жатакана, №1, №2, №3 жатаканаларынын аймагына жабык типтеги спорт комплекси, окуу-методикалык ветеринардык лабораториясынын, №2, №3 окуу корпустардын аймагына жер астындагы автоунаа коюуучу жай жана анын үстүнө спорттук аянтчанын, 6 кабаттуу IT парктын курулушу планга киргизилди. 

Окуу жайбызда болуп жаткан иштерде жана ийгиликтерде Сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздер зор экендигин белгилеп кетким келет.

Жаңырган 2025-жаңы жыл элибизге ырыскы-дөөлөттү, ынтымак-ырашкерликти, бакубат жашоону алып келсин. Жаңы жылда Жараткан ар бириңиздерге дем-күч, шыктануу, чыгармачылык эргүү,  журтубузга бакубат турмуш, байгер жашоо алып келсин.

Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө кут уялап, бакыттын шаңы жаңырып, ырыскы ыроолосун!