ОшМУда Кыргызстанда абанын булганышын азайтуу боюнча долбоор талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кыргызстанда абанын булганышын азайтуу боюнча долбоор талкууланды

Image

Япониядагы Токио медициналык жана стоматологиялык университетинин доценти Нобутоши Нава баштаган делегация ОшМУга келип, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери менен жолукту.

Жолугушууда Токио медициналык жана стоматологиялык университети менен ОшМУнун ортосунда жазылып жаткан “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө” борборун түзүү долбоорунун иштерин талкуулашты.

Долбоорго ылайык ОшМУда абанын булганышын изилдөө боюнча жаңы илимий борбор (IRCAPS) түзүлөт. Япония Кыргызстан менен бирге спутниктик маалыматтардын жана машиналык окутуунун негизинде абанын булганышын баалоо системасын иштеп чыгат.

Маалыматтарды чогултуунун географиялык аймагын кеңейтүү үчүн Ош, Бишкек шаарларында жана башка региондордо атмосфералык абанын булганышын өлчөөчү приборлор сатып алынат жана орнотулат, андан кийин атмосферанын булганышынын мониторингинин иштеп жаткан улуттук системасына киргизилет (Министрликтин алдындагы Гидрометеорология кызматы менен макулдашуудан кийин). Бул үчүн Токио медициналык жана стоматологиялык университети ОшМУнун кызматкерлерин окутуп беришет.

Аталган жыйын 20-сентябрда Бишкек шаарында да болуп өткөн. Иш-чарага ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов, Эл аралык жогорку медицина мектебинин (IHSM) Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин, Токио медициналык жана стоматологиялык университетинин (Япония) Глобалдык ден соолукту чыңдоо кафедрасынын өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук ден соолук борбору жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору да бар.

Учурда абанын булганышы дүйнөдөгү бардык өлүмдөрдүн 12%ын шарттаган оорулардын эң олуттуу экологиялык себеби болуп саналат. Кыргызстанда 2019-жылы абанын булганышынан келип чыккан жүрөк-кан тамыр ооруларынын үлүшү жалпы өлүмдөрдүн 18,6%ын түзгөн. 2019-жылы абанын булганышынан келип чыккан респиратордук оорулардын үлүшү жалпы өлүмдөрдүн 31,4% түзгөн.

Буга байланыштуу Кыргызстандын жана Япониянын катышуучу командаларынын өкүлдөрү менен биргеликте шаар чөйрөсүндөгү абанын булганышы менен күрөшүү боюнча өнөктүк стратегиясын иштеп чыгуу пландалууда.

Чогултулган маалыматтар абанын сапатын жакшыртуу жана калктын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө жана экономикага терс таасирин азайтуу боюнча кызыкдар уюмдар жана ведомстволор үчүн сунуштарды иштеп чыгууну маалымдайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Фото галерея