Заманыбыздын белгилүү агартуучуларынын бири, Казакстандын борбор шаары Астанадагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов ОшМУнун чет тилдер факультетинин 1993-жылкы сыймыктуу бүтүрүүчүсү.
УЧКАН УЯ, КУТТУУ БИЛИМ, ТАГДЫРЛАШ ТААСИРЛЕР
Адамды билим гана бийик жана эркин кылат деп айтылганы төгүн жерден эмес, ал эми маанилүүсү кимдин кандай жерден билим, кандай чөйрөнүн чордонунда өскөнү да абдан эске аларлык жагдай. Ар ким өзүнүн гүлдөгөн доорун, кош канатын каккан кайраттуу жаштыгын сагынат, ошол жалындуу жаштыктын жышааны бактылуу студенттик кез менен жуурулушуп турат. Анткени, ал кез жасалмасы жок бакытка байланган, кемтиги көрүнбөгөн, көңүлдүн кушу көкөлөгөн учурларды батыргандыгы менен азыркы күндөн ат чабым алдыда жүрөт. Бирок, биз анда бүгүнкү жасалган аракет, эртеңки жаркын келечек болоорун жети уктасак да түшүбүзгө кирген эмес, анын баарын калыптандырууда, ишке ашырып, максаттарга карай сапар тартууда максатташ, тилектеш болгон куттуу уябыз, өскөн жер, өнгөн тагдырыбыз жаткан жер бар, ошол опол тоодой оргуштаган орошон ойлорду жадыбыздан чыгарбай, миң кайталап, жүз сагынып жүргөн жерибиз бар, ал тууралуу эстеп жана ага куттуктоо жазуу менин кубанычым жана сыймыгыма айланып отурат, анда бизди жолуктурган, дүйнөнүн эшигин ачкан куттуу уябыз жөнүндө болсун...
10 ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮМ ОшМУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН
1986-жылы 10-классты аяктап, андан ары билимимди жогорулатуу үчүн ошол учурдагы Ош педагогикалык институтунун чет тилдер факультетине тапшырдым. Алгачкы студенттик күндөрдүн ызгаары менен жыргалын тең көрүп, 1-курсту аяктадым. Андан соң 1987-жылы Ата Мекенибиз жүктөгөн милдетти өтөп келүү үчүн армияга чакырылып, эки жыл Мекен чегинде болдум. Жигиттик милдетти аткаргандан кийин кайрадан окуумду уланттым. Аталган университетти Советтер Союзу урагандан кийин, 1993-жылы аяктап, ошол эле факультетте декан жана окутуучулардын сунушу менен окутуучу болуп эмгек жолумду баштадым. Чет тилдер факультетинде 3 жыл эмгектенип, тажрыйба топтодум. 1996-жылы Пакистандын Карачи шаарындагы окуу жайлардын бирине магистратурага тапшырдым. Анда эки жыл окуп, кайра Ош мамлекеттик университетине келдим. Кийин Канаданын Торонто университетинде докторантурада билим алдым. Учкан уям болгон ОшМУда 5 жыл билимге каныгып, дасыккан адис болууга бел байлап, өмүрмдүн алдыга чабытто доорун өткөрсөм, андан ары дагы 5 жыл эмгектендим - бул окуу жай менен 10 жылдык өмүрүмдүн тамыры терең тагдыры байланышкан.
БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ БЕЛГИЛҮҮ ОКУУ ЖАЙ
ОшМУда чет тилдер факультетинде окуп, англис тилин үйрөнгөндүгүм менин чет өлкөдө магистратура, докторантурада окушума жол ачты. "Тил билсең, дил билесиң" дегендей, дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде эмгектенип, эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоого жетише алдым жана учурда да ушул багытта эмгектенип келүүдөмүн. Ошол дүйнөнүн эшигин ачкан ОшМУ бүгүнкү күндө өз кесибинин мыкты устаттары менен катарын толуктап, эмгеги сиңимдүү, билими жугумдуу адистердин чөйрөсү аркылуу кубаттанып, күчтүү базасы бар Борбордук Азиядагы мыкты окуу жайлардын бири деп айта алам жана бул пикирим менен жаңылышпайм.
ЖАШТАРДЫН МЫКТЫ БИЛИМ АЛУУСУ МААНИЛҮҮ
Назарбаев университетинде эмгектенип жүрсөм да, убакыт таап, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына, мектептерине изилдөө, окутуу методдору жана силлабус иштеп чыгып аны жазуу, балоо усулдары, академиялык чынчылдык боюнча ар кандай темаларда курстарды, семинарларды, тренингдерди өткөрүп, билгенимди бөлүшүп, жардам берип келе жатам. Кыргыз тилинде да китептеримди чыгарып, билим берүү тармагындагы окурмандарыма, адистерге тартууладым. Бул иштерди жасай алганыма абдан сыймыктанам жана алган билимимди, топтогон таажрыйбамды өз мекенимдин атуулдары менен бөлүшүүнү инсандык милдетим жана билим берүү тармагына кошкон бараандуу салым катары эсептейм. Анткени, кайсы өлкө Билим берүү тармагын гүлдөтө билсе, ал өлкөнүн келечеги кең, жолу жарык болору талашсыз.
БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ
Ар бир жердин ала турган идеясы жана максатташ болгон тараптары болот, дал ошолорду бири бирине айкалыштырууда эки тарапка көпүрө болгонума, ошол милдеттин мага артылганына кубанам. Мунун айтканымдын себеби 2023-жылдын жай айларында Ысык-Көлдө ОшМУнун ректораты жана кесиптик кошуунунун колдоосу менен ар кайсы факультеттерде изилдөө курстарын окутууну жакшыртуу максатында ошол курсту окуткан адистер үчүн 5 күндүк тренинг өткөрдүк. Анда окутуучуларга изилдөө усулдары боюнча сандык, сапаттык, аралаш усулдары тууралуу маалыматтар берилди. Бул аракеттер “ОшМУнун ардактуу профессору” наамын алууда жана окуу жайдын өнүгүү жараяны гүлдөп турган куттуу билим уясында тажрыйба топтоп, билим арттырган жамааттын алдыга кадам таштоосуна кошкон салымым деп ойлойм.
Ошондой эле жыл сайын ОшМУнун 35-40 студенти Астана шаарына академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине келип, 1 семестр окуп кетишет. Алар келери менен Назарбаев университетин көрсөтүп, тааныштырып, билим берүүгө шыктандыруу үчүн мүмкүн болушунча убакыт бөлүүгө аракет кылам. Келечекте биздин жаштар да сапаттуу билим алып, жакшы кесиптин ээси болсун деген тилегим бар. Бул бүтүндөй өлкөбүздүн келечеги үчүн өтө маанилүү.
СЫЙМЫК, МИЛДЕТ, СЫЙЛЫК
Ар бир аракет бааланса, колдоо тапса дагы да талпынып, алдыга карай кадам таштоого кубат болот. Анткени, ар бирибиз өз ийгиликтерибиз үчүн сыймыктануу кубанычы менен карообуз бизге дайыма шык берип турат. Ушул багыттан алганда билим берүү жаатындагы ишмердигим бааланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигин «Алтынсарин» төш белгиси, Назарбаев университетинин мыкты мугалим сынагынын 4 жолу ар кандай номинациялары менен сыйландым. Мен Ош мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамдарын алганыма да сыймыктанам. Булардын артында изденүү, билимге болгон куштарлык, талапка ылайык талпынуу, ар бир мүмкүнчүлүктү пайдалануу, түпкү билимдин негизин пайдалануу жана күн сайын изденүү жараяны менен максатташ болуп жатат деп эсептейм.
ОШМУ ӨНҮКСӨ, КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨЛҮК МЕЙКИНДИКТЕ ЧОҢ ИЙГИЛИКТЕРГЕ ЖЕТЕТ
ОшМУда менин досторум, студенттерим, тааныштарым, тагдыр жолуна бирге аттанган уялаш, сапарлаштарым бар. Бул түштүк регионундагы эң чоң флагман окуу жай экендиги талашсыз. Демек, мезгил менен жарышып, азыркы тенденциядан артта калбай шамдагайлык менен өнүгүп жаткан ОшМУнун орду мен үчүн да өзгөчө. Бул окуу жай алдыга жылып, ийгиликтери жөнүндө сөз болсо, абдан сүйүнөм, ал эми кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, мен да кейип, кыжаалат болом. Бул окуу жайдын жыл сайын өнүгүп, кучагында билим алган студенттердин ийгилик жаратып, коомго салым кошуп жатышы жана анда эмгектенген ынтымактуу жамааттын ишмердүүлүгү өлкөбүздүн билим берүү тармагынын ат көтөрүп, нар төөгө арткыс жүгүн көтөрүүдө болуп көрбөгөндөй салым кошо алды. Мына ушул өңүттөн алып караганда эле бир таасирдүү чындык жатат, ал да ОшМУ өнүксө, Кыргызстандын келечеги кең болот! БИЗДИН УНИВЕРСИТЕТТИН 85 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ КУТ БОЛСУН, ЧЫН ЫКЛАСЫМДАН КУТТУК АЙТАМ.
Даярдаган: З. Нуралиева