“Фиджитал оюндары I” киберспорт турнири өтөт

Башкы Жаңылыктар

“Фиджитал оюндары I” киберспорт турнири өтөт

Image

Турнир ОшМУнун 85 жылдыгына карата, Кыргызстан киберспорт федерациясы Ош мамлекеттик университети менен биргеликте жогорку окуу жайлардын арасында биринчи жолу уюштуруп жатат.
Эгер футболго жана киберспортко жакын болсоңуз, анда виртуалдык жана реалдуу дүйнөнү айкалыштырган жаңы сынакта күч сынап көрүңүз!
Оюн 2 этап менен өтөт.
Биринчи этап: командалар футбол симуляторунда мелдешет.
Экинчи этап: командалар мини футбол талаасында оюн көрсөтүшөт 
Оюн жүрүшү ОшМУнун ютуб каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Оюн 2024-жылдын 18-май күнү ОшМУнун башкы имаратында өтөт.