Айыл чарба колледжи

Айыл чарба колледжи

Адрес Ош шаары Алымбек Датка көчөсү -229
Телефон
Факс
Веб-сайт www.osht_official
E-mail osxt.clicks.kg

Азыркы убакта айыл чарбасын өнүктүрүү абдан маанилүү. Анткени өсүп жаткан калктын азык-түлүккө болгон  коопсуздугун камсыз кылуу айыл чарба адистерине байланышкан. Бүгүнкү күндө аз каражат жумшап, сапаттуу продукцияларды өндүрүү, экологиялык таза продукциянын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу коомубузга зарыл болуп турат.

Жер иштетүү системасын жакшыртып, жогорку түшүм берүүчү сортторду себүүгө, асыл тукум малдардын санын көбөйтүүгө, дыйкан чарбалары, фермерлер умтулуп жатышат. Сапаттуу айыл чарба продукцияларын өндүрүп, эл аралык деңгээлге чыгаруу Сиздин колуңузда турат.

Эгер сиз айыл чарбасындагы керектүү адис болгуңуз келсе, анда биздин айыл чарба колледжине келиңиз!

Колледждин миссиясы: Fймактык социалдык  өнөктөштөр менен биргеликте өлкөнүн  агрардык секторуна атаандаштыкка жөндөмдүү орто звенонун адистерин даярдоо аркылуу республикабыздын  түштүк аймагындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу

Баалуулугу: Колледждин негизги баалуулугу-анын кызматкерлери жана студенттери

Билими: билим берүү мекемеси катары колледжде билим берүү абсолюттук деңгээлде колдонулат. Биз бүгүнкү күн жана келечек  үчүн актуалдуу болгон билим берүүнү сактоого, жеткирүүгө жана өнүктүрүүгө умтулабыз.

Сапаты: Эмгек рыногунун талаптарына жооп берген бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун жогорку сапаты.

Жоопкерчилиги: Колледж  мамлекет жана коом тарабынан жүктөлгөн милдеттердин натыйжалуулугу  үчүн, билим берүү жана башка кызматтарды керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын сапаттуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алат.

Келечекке карай: 2025-жылга карата ОшМУнун Айыл чарба колледжи Кыргызстандын  түштүк регионундагы алдыңкы  билим берүү уюмдарынан эмгек рыногунун учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүнө ылайык келген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо чөйрөсүндө биринчи  орунда болот.

Колледждин директору: Тувашев Полот Зулжалалович

Электрондук дареги: ptuvashev@gmail.com

 

Адистиктер:

Адистиктин аталышы

даражасы

Окуу форматы

Окуу мөөнөтү

1

Ветеринария

Орто кесиптик

күндүзгү

9 база 2 жыл 10 ай

11 база 1 жыл 10 ай

2

Айыл чарбасынын механизациясы

Орто кесиптик

күндүзгү

 

9 база 2 жыл 10 ай

11 база 1 жыл 10 ай

3

Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу

Орто кесиптик

күндүзгү

 

9 база 2 жыл 10 ай

11 база 1 жыл 10 ай

4

Агрономия

Орто кесиптик

күндүзгү

 

9 база 2 жыл 10 ай

11 база 1 жыл 10 ай

 

Фото галерея