Эл аралык байланыштар департаменти

Университет Структуралар Департаменттер Эл аралык байланыштар департаменти

Эл аралык байланыштар департаменти

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар департаменти университеттин негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат жана билим берүү, илим жана маданият чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө жооптуу. Анын ишмердүүлүгү университетти дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо, өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү жана ОшМУнун эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Ишмердүүлүктүн негизги принциптери:

  • ОшМУнун алдыңкы эл аралык илимий жана билим берүү уюмдары менен кызматташтыгын өнүктүрүү.
  • Тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жакын жана алыстагы чет өлкөлөрдүн университеттери менен диалог аянтчаларын түзүү.

Максаттар жана милдеттер:

  • ОшМУнун чет өлкөлүк университеттер, билим берүү жана илимий борборлор менен байланышын орнотуу жана өнүктүрүү.
  • Билим берүү процессин, илимий- инновациялык ишмердүүлүктү жана университеттин маданий жашоосун өркүндөтүү максатында чет өлкөлүк фонддор, мекемелер жана илимий- маданий коомчулуктун өкүлдөрү менен өз ара аракеттешүү.

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары:

  • Эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн стратегиялык перспективаларын түзүүдө катышуу.
  • Эл аралык кызматташтык боюнча аналитикалык жана отчеттук материалдарды даярдоо.
  • Университет жетекчилигине эл аралык ишмердүүлүк боюнча керектүү документтерди жана маалыматтарды берүү.
  • Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды даярдоо жана кол коюуну уюштуруу.
  • Эл аралык макулдашуулардын аткарылышын анализдөө жана көзөмөлдөө.
  • Эл аралык өз ара аракеттешүү боюнча жетекчиликке жана илимий кеңешке сунуштар жана аналитикалык материалдарды даярдоо.
  • ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамынын эл аралык ишмердүүлүгү боюнча маалымат базасын түзүү жана башкаруу.
  • Чет өлкөлүк каттарды иштеп чыгуу жана университеттин тиешелүү бөлүмдөрүнө өз убагында маалымат берүү.
  • Чет өлкөлөр менен катташуу байланышын колдоо жана ОшМУнун эл аралык билим берүү жана илимий процесстерге интеграциялануусуна шарт түзүү.
  • Эл аралык долбоорлорду иштеп чыгууда факультеттерге жана кафедраларга консультациялык колдоо көрсөтүү.
  • Профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди эл аралык билим берүү программаларына катышууга тартууга жардам берүү.
  • Эл аралык илимий конференциялар, форумдар жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү.
  • Профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттердин илимий жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде илгерилетүү.
  • Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушууларды уюштуруу жана коштоо, алардын факультеттер менен өз ара аракеттешүүсүн координациялоо.
  • Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамдары жана ОшМУнун ички эрежелери боюнча кеңеш берүү.
  • ОшМУнун академиялык мобилдүүлүк жөнүндөгү жобосуна ылайык студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу жана координациялоо.

Эл аралык байланыштар департаментинин кызматкерлери
ОшМУнун эл аралык кызматташтыкты уюштуруу жана өнүктүрүү үчүн жооптуу адистерден турат. Ар бир кызматкер өнөктөштүк мамилелер, академиялык мобилдүүлүк, эл аралык долбоорлор жана маданий-билим берүү демилгелерине жооптуу:

Аты-жөнү

Кызмат орду

  1.  

Аттокуров Курсантбек Шарабидинович

Тышкы байланыштар боюнча проректор

  1.  

Өзгөнова Айнура Турусбековна

Департаменттин директору

  1.  

Далбаев Канатбек Койчубекович

Башкы адис

  1.  

Дженыш кызы Алтынай

Башкы адис

  1.  

Манас кызы Бегай

Жетектөөчү адиси

  1.  

Рахимова Зилола Бахтияржановна

Башкы адис

  1.  

Кылычбекова Айгузел Кылычбековна

Башкы адис

  1.  

Нурдинова Мырзайым Асановна

Адис

  1.  

Эргешова Жылдыз Махамадсалиевна

Инспектор