Ош мамлекеттик университети согуш жылдарында...

Башкы Жаңылыктар

Ош мамлекеттик университети согуш жылдарында...

Image

Үч жогорку окуу жайдын (Ростов университети, Ростов пединституту жана Ош мугалимдер институту) окумуштууларынын бириккен ынтымактуу жамааты эл чарбасына чоң практикалык жардам көрсөтүшкөн. Согуштун алгачкы мезгилинен баштап эле турмуштук оор кырдаалга карабастан окуу жайдын илим изилдөө иштери фронттук буйрутмаларга байланыштуу маселелерди чечүүгө багыт ала баштаган. Окумуштуулар эл чарбасынын ар түрдүү проблемаларын иликтөө максатында, 1942-44-жылдардын аралыгында 27 илимий экспедиция уюштурушкан. Ар бир факультет, кафедра өзүнүн илимий багыттары боюнча региондун маселелерин изилдөөгө аракет жасашкан.

Биология факультетинин жамааты доцент Б. Добровольскийдин жетекчилиги менен картошка, жапайы сарымсак, пахта ж.б. өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, жер-жемиштерге, үй-жаныбарларына зыян келтирүүчү мите-курттарды жоготуу максатында изилдөө иштерин колго алышкан. Мисалы, аюу-чачы өсүмдүгүнүн дарылык түзүлүшүн изилдеп, үй-жаныбарларынын котур оорусуна каршы пайдаланса болоорун аныкташкан. Ош облусундагы жемиш бактарын жана облустук айыл чарба башкармалыгынын жолдомосу менен Молотов (азыркы Ноокат), Лейлек жана Кара-Суу райондорунун колхоз-совхоздоруна агрономиялык жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми геология, химия адистиктериндеги окумуштуулар Ош облусунун аймагындагы туз кенинин курамын, көмүр запастарын жана аны кокска айландыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдешкен. Ростов университетинин доценттери П.Я.Баранов, И.А.Шамрай жана П.В.Мирошниковдордон турган геологдор тобу Ноокат районунан минералдык-сырье комплексин изилдешип, курулуш материалдары катары пайдаланса көпкө чейин сакталуу касиетине ээ болгон темир боекторунун запастарын табышкан.

Тарыхчылар, тилчилер саясий-агартуу иштерин колго алышып, мектептерде сабактарды өтүшүп, колхозчуларга лекцияларды окуп турушкан. Ростов университетинин коллективинин илимий изилдөө жана методикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында ар бири 80-90 барактан турган 61 кол жазма түрүндөгү материалдар басмага даярдалган. 1942-44-жылдарда согуштук оор абалга карабастан университеттин 3 окумуштуусу илимий диссертацияларын коргоого жетишишкен.