ОшМУда окумуштуу Осмонакун Ибраимовдун китебинин бет ачары аземи өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окумуштуу Осмонакун Ибраимовдун китебинин бет ачары аземи өттү

Image

11-октябрда ОшМУда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Осмонакун Ибраимовдун  “Кыргыз мамлекетинин байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки жалпы тарыхы” аталышындагы китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага белгилүү окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер,  ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып чыгарылган китептин үстүндө автор 3 жыл эмгектенген. Анда алгачкы Кыргыз мамлекети, гунндар менен кыргыздардын жакындыгы, Улуу кыргыз каганаты жана анын тарыхы, Кокон жана кыргыздар, орус колониализми, Совет доору, эгемендүүлүк жылдары камтылган. 

Китептин көлөмү 550 беттен туруп, анда 1000ден ашуун ар кандай адамдардын аты аталган, 100дөн ашуун илимий булактар, эмгектер, архивдик материалдар пайдаланылган. Китеп орус тилинде жазылган жана толук аты: «Всеобщая история кыргызского государства с древнейших времен до наших дней”.

Окумуштуу Осмонакун Ибраимов 20 дан ашуун китептин, 100 ашуун илимий макаланын автору автору. Анын ичинде «Кыргыз адабиятынын 20-кылымдагы тарыхы» аттуу орусча жазылган эки томдуктун («История кыргызской литературы ХХ века», 2012-жыл), «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы» («История кыргызского государства», 2015) сыяктуу фундаменталдуу эмгектери бар. «Чыңгыз Айтматов» , «Усубалиев» деген китептери “Жизнь замачетальных людей» серияда Москвада жарык көргөн.

Фото галерея