Сауд Арабия падышалыгы жогорку окуу жайлары менен кызматашуу бекемделет

Башкы Жаңылыктар

Сауд Арабия падышалыгы жогорку окуу жайлары менен кызматашуу бекемделет

Image

Бишкекте 19-ноябрда Сауд Арабия падышалыгы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн форуму болду. Анда ОшМУдан барган делегация Тайба, Джидда жана Ислам университеттеринин жетекчилери менен жолукту. Тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерди даярдоо тууралуу макулдашкан.

Аталган форумга ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев жана студенттер, Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Элес Эркебаев, Эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучусу Сабырбек Бекназаров катышты.

Жолугушууда Сауд Арабия падышалыгы окуу жайлары ОшМУ менен кызматташууга кызыктар экенин айтышты. Келечекте кыргызстандык студенттерге жана магистранттарга алардын тилин, маданият, тарыхын окута турган кыргыз-араб факультетин ачуу ниеттерин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаңы жылдын биринчи айында ОшМУга Тайба жана Джидда университеттеринен атайын делегация келери белгилүү болду. Ага жооп иретинде бул жактан атайын делегацияны Сауд Арабия королдугуна келип, Мекке жана Медина шаарларындагы ЖОЖдор менен жакындан таанышып кетүүгө чакырышты.

“Академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Чыгыш таануу институтунун студенти Египет Араб республикасынын Аль-Азхар университетинде окуп келген. Учурда дагы бир магистрант Иордания мамлекеттинин Оман шаарында билим алууда. Ошондой эле эки студент жакынкы күндөрдө Египет Араб республикасына, бир студент Иорданияга окуп келүүгө даярданууда”, -дейт Жолдошбек Бөтөнөев.

Учурда ОшМУнун Чыгыш таануу институтунда жалпы жүздөн ашуун студенттер жана магистранттар араб тилин окушат. 2018-жылы Катар мамлекетинин каржылоосу менен университетте "Катар-Араб" окуу жана котормо борбору ачылган. Быйыл майда королдук "Араб тили жана маданияты" борборун ишке киргизген. 

Фото галерея