
ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун роман-германдык филология кафедрасынын башчысы Тойчу Кабылов жана окутуучу Максат Тотобаев CIES 2025 конференциясыны катышты. Иш-чара 22-26-март күндөрү АКШнын Чикаго шаарында өттү.
Тойчу Кабылов “Кыргызстандагы билим берүү: Чакырыктар жана перспекттивалар” аталышында Назарбаев университетинин профессору Д.Шаматов, БААУнын деканы Д.Карабаев менен биргеликте презентация кылды. Ал эми Максат Тотобаев Кыргызстандагы көп тилдүүдүк боюнча маалымат берди.
CIES — дүйнө жүзүндөгү 47 Салыштырма жана Эл аралык билим берүү коомдорунун эң чоңу жана эң байыркысы. Аталган коом 3,5 миңден ашуун жеке мүчөлөрдү, изилдөөчүлөрдү, аналитиктерди, адистерди жана студенттерди камтыйт.
CIES мүчөлөрү билим берүүнүн ар кандай маселелерин изилдешет. Алар: мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдөн тартып, жогорку билим берүү, формалдуу эмес окутуу чөйрөлөрүнө чейин. Ошондой эле мүчөлөр гендердик, этникалык, тилдик жана социалдык-экономикалык теңсиздиктер сыяктуу темаларды же билим берүү менен маданий процесстердин, демократиялаштыруунун, экономикалык өнүгүүнүн, глобалдаштыруунун жана саясий жаңжалдардын ортосундагы мамилени салыштырышат.