Бүгүн, 8-апрелде ОшМУда “Дүйнө элдеринин маданияты” кароо сынагы өттү. Ага окуу жайда эмгектенген, билим алып жаткан башка улут өкүлдөрү жана мобилдүүлүк боюнча келген студенттер катышты.
Сынакта катышуучулар улуттук тамак-аш, кийим, музыкалык аспаптар, макеттер жана башка маданий-тарыхый баалуулуктарды көргөзмөгө коюшту. Андан соң ар бир улутка тиешелүү бийлерди бийлеп, улуттук ырларды аткарып, улуттук музыкалык аспаптарда ойношту. Ошондой эле театрлаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты.
Жыйынтыгында комиссия тарабынан жеңүүчүлөр аныкталды. Мыктылар 1-2-3-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Сынак ар улуттун улуттук маданиятын, тамак-ашын, салтын, кийимин, тарыхын, искусствосун, руханий баалуулуктар чөйрөсүн даңазалоо максатында уюштурулду. Мындан сырткары көрүүчүлөрдү ар улуттун маданияты менен түздөн-түз таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, элдер арасында бир туугандык биримдикти жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат.