БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН «12 ЖЫЛДЫККА БИРГЕ КАДАМ» АКЦИЯСЫН БАШТАЙТ

Башкы Жаңылыктар

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН «12 ЖЫЛДЫККА БИРГЕ КАДАМ» АКЦИЯСЫН БАШТАЙТ

Image

📅 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 1-апрелинен тартып жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «12 жылдыкка бирге кадам» аттуу акциясын баштайт.

🎯 Акциянын негизги максаты – коомчулукка 12 жылдык билим берүүгө өтүү жараяны тууралуу маалымат жайылтууга студенттерди креативдүү контент түзүү аркылуу тартуу.

🏫 Акцияга төмөнкү жогорку окуу жайларынын «Журналистика жана PR», «Дизайн», «Реклама жана коммуникациялар», «Педагогика» факультетинин студенттери катыша алат:

• Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

• И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

• К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

• И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

• Кыргыз-Түрк “Манас” университети

• Ош мамлекеттик университети

• Баткен мамлекеттик университети

• Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети

• С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети

• К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети

• Талас мамлекеттик университети

📲 Акцияга катышуу үчүн студенттер ар кандай форматта контент түзүп, Instagram социалдык тармагында жарыялашы керек. Мисалы:

• Посттор;

• Рилстер (видеороликтер);

• Баннерлер;

• Викториналар;

• Флешмобдор;

• Коомдук акциялар жана маалымат таратуунун башка түрлөрү.

✅ Эгер башка жогорку окуу жайларынын студенттери акцияга катышууну кааласа, алар өз окуу жайынан жооптуу адамды белгилеп, Билим берүү жана илим министрлигине катышуу ниетин билдириши керек.

🏆 Акция 2025-жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин өтөт. Эң көп лайк, комментарий, бөлүшүүгө ээ болгон материалдардын авторлору баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

📌 Катышуу үчүн студенттер төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

• Өз контентин окуу жайдын Instagram аккаунтунда жарыялоо;

• Билим берүү жана илим министрлигинин Instagram’дагы @bilimilimkg баракчасын белгилөө;

• Алтын Казык логотибин жана «12 жылдыкка бирге кадам» акциясынын аталышын колдонуу;

#БиргеКадам жана #АлтынКазык хештегдерин кошуу.

📩 Бул жалпы жаңы билим берүү процесси тууралуу маалыматты жаштарга жана коомчулукка жеткирүүгө жана уюштуруучуларга акцияга катышып жаткан эмгектерди көрүүгө жардам берет.

Фото галерея