
7-апрелде Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда өтүп жаткан илим жумалыгына карата “Жашыл келечек жумалыгынын” ачылыш аземи өттү.
Жумалык “Жогорку билим берүүдө туруктуу өнүгүү” аттуу тандоо курсунун жыйынтыктоочу иш-чарасына багытталып уюштурулуп келет. Ачылыш аземине ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар боюнча консалтинг борборунун директору Абдыжапар Аккулов, институттун директору Олжобай Шаимкулов, директордун илимий иштер боюнча орун басары Венера Сабирова, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
Академиялык мобилдүүлүк боюнча Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунан келген окутуучулар, студенттер да конок катары чакырылды.
Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын башчысы Бактыгуль Тургунбаеванын айтымында, ОшМУда студенттерге туруктуу өнүгүү боюнча атайын курстар бар. Анда эмнелер окутуларын айтып берди.
“Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү тандоо курсунда студенттер туруктуу өнүгүү концепциясы менен таанышып, экологиялык, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү түшүнүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүшөт. Жыйынтыгында ар жылы «Жашыл демилгелер жумалыгы» өткөрүлөт. Анда студенттер тандоо курсунан алган билимдерин жыйынтыктап, долбоорлорду, стартаптарды жазышып презентациялашат”,- дейт Тургунбаева.
«Жашыл демилгелер жумалыгы» 7-12-апрель күндөрү өтөт.