ОшМУ Шанхайдагы Линь-Ган медициналык жабдууларды изилдөө борбору менен меморандумга кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Шанхайдагы Линь-Ган медициналык жабдууларды изилдөө борбору менен меморандумга кол койду

Image

Шанхайдагы Линь-Ган медициналык жабдууларды изилдөө борборунун профессору Тан Жуйсё баштаган делегация бүгүн, 18-апрелде ОшМУда ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолукту.

Анда окуу жайдын жетишкен ийгиликтери, медициналык билим берүүсү, медициналык клиникалары тууралуу маалымат берилди. Тараптар окуу жайдын ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерине баа берип, медициналык клиникалар жана жаңы курулуп жаткан медициналык клиника багытында кызматташуу сунуштарын билдирди. 

Алар Линь-Ган медициналык жабдууларды изилдөө борборунун ишмердүүлүгү тууралуу айтып, ОшМУнун клиникаларын заманбап медициналык жабдыктар менен жабдууда кызматташууну сунуш кылышты. Ошондой эле дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттары боюнча пикир алышуулар орун алды. Эки тарап өз ара кызматташуу багытында меморандумга кол коюшту.

Делегация күндүн экини бөлүгүндө окуу жайдын «Next Generation Hub» борбору, курулуш иши жүрүп жаткан Медициналык клиникасы жана Ак-Буура кампусундагы Медицина, Эл аралык медицина факультеттериндеги билим берүүгө түзүлгөн шарттар, окуу-лабораториялар менен таанышты. Ошондой эле клиникада "Интенсивдуу терапия" жана "Рентгенэндоваскулярдык хирургия" блокторунун ачылыш аземине катышты.

Борбор медициналык технологиялар жаатында инновацияларды өнүктүрүү, технологияларды жайылтуу, медицина багытында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт.

 

Фото галерея