
Ушул тапта Бишкекте Кыргызстандын 2025-жылкы Универсиадасы өтүп жатат. ОшМУдан спорттун бокс түрү боюнча катышкан студенттеринин бири Билол Каримжанов 71 кг салмакта биринчи орунду ээлеп, чемпион аталды.
Ал эми Нурислам Аматбеков, Исломбек Тургунов жана Баяман Азизбек уулу 2-орунду, Жандарбек Расулов, Азат Абдыкадыров, Актилек Каныбек уулу, Фархад Абдуманабаев жана Асадбек Акбаралиев 3-орунду багындырышты. Жалпы командалык эсепте ОшМУнун бокс боюнча курама командасы үчүнчү орунду ээледи.
Студенттик спорттук мелдешке өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери катышууда. Универсиада спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлүүдө. Мелдеш 12-мартта башталып, 25-апрелге чейин уланат.