
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Эл аралык электр байланыш союзу менен кызматташтыкта Кыргызстанда стартап-акселераторлорунун менеджерлерин окутуу боюнча онлайн тренингдерди өткөрдү. Ага ОшМУнун бизнес паркынын директору Эрлан Камалов жана эксперти Санжар Исмадияров катышты.
Практикалык программада катышуучулар стартап-акселераторлорду башкаруунун негиздери жана механизмдери боюнча билим алышып, өздөрүнүн акселерациялык программаларынын негизги элементтерин иштеп чыгууга багыт алышты.
Окутууга жогорку окуу жайлардагы бизнес-инкубаторлордун, бизнес-структуралардын өкүлдөрү, Кыргызпатенттин кызматкерлери жана башка кызыкдар тараптар катышты. Аны Future Laboratory Ventures компаниясынын башкаруучу өнөктөшү, Грузиялык эл аралык эксперт Иракли Кашибадзе алып барды.
Тренинг 4-апрелде башталып, 18-апрелде жыйынтыкталат. Окутуу Кыргызпатент эл аралык электр байланыш биримдигинин колдоосу менен өттү.