
10-апрелде ОшМУда жаңы “Ала-Тоо” пародасындагы кыргыз койлорун өстүрүүдөгү актуалдуу көйгөйлөр боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош мэриясынан, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен өкүлдөр, кошуна өлкөлөрдөн келген окумуштуулар жана фермерлер катышты.
Конференцияда Кыргызстанда жаңыдан чыгарылып жаткан койлордун “Ала-Тоо” пародасын элге таанытып, өндүрүшкө жайылтуу маселеси каралды. Мындан сырткары селекциялык асыл тукум иштерин жогорку деңгээлге чыгарууга басым жасоо, заманбап технологияларды колдонуу менен жаңы чыгарылган койлордун кунардуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар берилди. Келечекте “Ала-Тоо” пародасындагы кыргыз койлорунун асыл тукум ферма, заводдорун уюштуруу керектиги айтылды.
Илимий иш-чаранын алкагында Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтундагы Ветеринардык клиниканын короосуна “Ала-Тоо” пародасындагы койдун скульптурасы орнотулду.
Буга чейин ОшМУда аталган пародадагы койлордун жаңы тукуму изилденген.