Бухарадагы эл аралык конференцияда ОшМУнун кызматкери баяндама жасады

Башкы Окуялар

Бухарадагы эл аралык конференцияда ОшМУнун кызматкери баяндама жасады

Image

Өзбекстанда өткөн “Фундаменталдык жана клиникалык медицинанын интеграциясы” аталышындагы эл аралык конференцияда ОшМУнун академиялык иштер жана билим берүү саясатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын башкы адиси Хилола Гаффорова баяндама жасады.

Илимий иш-чара 11–13-апрелде Абу Али ибн Сино атындагы Бухара мамлекеттик медициналык институтунда өттү. Хилола Гаффорова баяндамасында биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү саясатына токтолгон. Ошондой эле ОшМУ менен Бухара мамлекеттик медициналык институтунун ортосунда түзүлгөн кызматташуу меморандумунун алкагында жүзөгө ашып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Аталган конференцияга окуу жайдын Эл аралык медицина факультетинин окутуучулары, магистранттары, студенттери, Тышкы байланыштар департаментинин адиси дагы катышып, секциялык жыйындарда доклад окушту. 

Жыйынтыгында катышуучулар уюштуруучулар тарабынан сертификаттар жана белектер менен сыйланышты.

 

Фото галерея