
ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Занфира Мискичекова, магистрант Максат Арстанбек кызы студент Гүлнур Асанова Орусиянын Карелия Республикасында кыргыз маданиятын тартуулашты.
Алар комуз, ооз комуз жана чопо-чоордо түрдүү күүлөрдү тартуулашты. Ошондой эле кийиз менен жүндөн жасалган декоративдик-прикладдык искусство боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү. Занфира Мискичекова менен Гүлнура Асанова орусиялык студенттерге «Кыргызстандагы А.С.Пушкин феномени» аттуу конок лекция окуду.
ОшМУнун делегциясы Карелияга “Кредо” поэзия театры, “Борбор Азиядагы Пушкин жолугушуулары” жана “Досторум, биздин биримдик эң сонун!” долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында 7-апрелден 13-апрелге чейин болушту. Андан сырткары алар “Орус тилин, адабиятын жана маданиятын көп маданияттуу, көп тилдүү чөйрөдө үйрөнүү, окутуунун көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык семинарга катышты.