Россиялык РИНЦ платформасында 2023-жылдын көрсөткүчтөрү жарыяланды. Ага ылайык, “Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы” илимий журналынын беш жылдык импакт-фактору 0.175ти, эки жылдык импакт-фактору 0.271ди түздү.
Кыргызстанда илимий даражаларды жана наамдарды ыйгаруу үчүн Scopus жана Web of Science сыяктуу авторитеттүү маалымат базаларындагы басылмалар менен бирге, РИНЦте импакт-фактору 0.1ден жогору журналдардагы басылмалар талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын илимий даражаларды берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосунун (https://stepen.vak.kg/wp-content/uploads/2022/03/Prilozhenie-1-prisuzhdenie-uch-st.pdf) 21-пунктуна ылайык, кандидаттык диссертациянын негизги жыйынтыктары Scopus, Web of Science же РИНЦ системаларында индекстелген импакт-фактору 0.1ден кем эмес илимий басылмаларда жарыяланышы керек.
Андан тышкары, окумуштуу наамдарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосунун (https://stepen.vak.kg/wp-content/uploads/2022/03/Prilozhenie-3-prisv-uch-zv.pdf) 14-пунктуна ылайык, доцент окумуштуу наамы Scopus, Web of Science же РИНЦ системаларында индекстелген импакт-фактору 0.1ден кем эмес илимий басылмаларда макалалары бар илимдердин докторлоруна жана кандидаттарына берилери көрсөтүлгөн.
2022-жылы илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Русланбек Арапбаевдин жана “ОшМУнун Жарчысы” журналынын жооптуу редактору Медербек Кадыровдун демилгеси астында ОшМУнун илимий журналдары Open Journal Systems (OJS) ачык системасына өткөрүлүп, Кыргызстанда биринчилерден болуп толугу менен санариптешкен. Журналга макала жөнөтүү, аны редактирлөө, рецензиялоо жана жарыялоо иштери толугу менен сайт үстүндө жүргүзүлөт. 2023-жылдан тарта илимий басылмалар секторунун башчысы жана “ОшМУнун Жарчысы” журналынын жооптуу редактору болуп Шербол Жапаралиев эмгектенет.
2022-жылы илимдин ар түрдүү тармактарында өзүнчө сериялык журналдар ачылган. Азыркы тапта окуу жайдын 13 илимий журналы чыгып жатат (journal.oshsu.kg).
РИНЦтин 2023-жылкы көрсөткүчтөрүнө ылайык, ОшМУнун 2022-жылы түзүлгөн журналдарынын эки жылдык импакт-факторлору да жарыяланды. Алар:
ОшМУнун стратегиялык планында илимий журналдарды Scopus жана Web of Science рецензияланган илимий адабияттардын базаларына киргизүү максаты коюлган.