20-ноябрда республикалык сынакта жеңүүчү аталган педагогикалык кызматкерлерге сыйлык тапшырылды. Сыйлоо аземине президент Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет экенин белгиледи.
Президент "Жылдын мыкты мугалими-2024" сынагынын баш байгесинин ээси, ОшМУнун "Билим" лицейинин математика мугалими Назгул Каныбековага батирдин сертификатын тапшырды. Ошондой эле “Мыкты тарых мугалими” номинациясын жеңип алган ОшМУнун тарых факультетин бүтүрүүчүсү Азирет Заидовго жана «Мыкты география мугалими» аталган ОшМУнун табият таануу жана география факультетин бүтүрүүчүсү Нуристан Марат уулуна 200 миң сомдун сертификаттарын ыйгарды.
Садыр Жапаров бул сынактар мурдатан эле жарыяланып келе жатканын белгилеп, өлкөдө таланттуу педагогдорду колдоо жана сыйлоо, алардын билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы татыктуу бааланышы үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында «Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык сынак өткөрүү жөнүндө» атайын жарлык кабыл алынганын белгиледи.
4-октябрда "Жыл мугалими-2024" сынагы жыйынтыкталып, анын жеңүүчүсү болуп ОшМУнун "Билим" мектеп-лицейинин окутуучусу Назгүл Каныбекова табылган. Финалдык баскычка жалпысынан 128 мугалим катышкан. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган.