Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында “Борбор Азия университеттеринин трансформациясы глобалдык чакырыктардын контекстинде” деген темада форум өтүп жатат. Ага Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, анын арасында ОшМУнун жетекчиси Кудайберди Кожобеков катышууда.
ОшМУ бул форумга гуманитардык жана медициналык багыттагы билим берүү жана илим изилдөө багыттарын трансформациялоо, өндүрүш менен илимди айкалыштыруу аркылуу региондордун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын окуу жайлары менен өнөктөштүк мамилелерди, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштары менен катышууда.
Форумдун алкагында окуу жай академиялык мобилдүүлүк, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн бир катар эки тараптуу эл аралык келишимдерге жана меморандумдарга кол койду. Алар:
Бул келишимдер университеттер аралык илимий жана академиялык кызматташтыкты чыңдап, ОшМУнун студенттерине жана окутуучуларына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кудайберди Кожобеков белгилегендей, мындай иш-чаралар университетти эл аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп эсептелет.