Залкар комузчу Фахридин Баяковдун жаркын элесине арналган сынак уюштурулду

Башкы Окуялар

Залкар комузчу Фахридин Баяковдун жаркын элесине арналган сынак уюштурулду

Image

28-29-октябрда Ош шаарында Кыргызстандын эл артисти, ОшМУнун профессору, залкар комузчу Фахридин Баяковдун 75 жылдык жаркын элесине арналган республикалык комузчулардын кароо-сынагы болуп өттү.

Ага СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисттери Закирбек Дүйшөнбек уулу, Дүйшөн Молдобаев, Токтомурат Осмоналиев жана Саадабай Шабданов келди. Иш-чаранын алкагында Фахридин Баяковдун музей-каанасынын ачылды.

Ал эми республикалык комузчулардын кароо-сынагынын гала-концерти жана сыйлоо аземи калаадагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театрында болду. Жыйынтыгында баш байгеге коюлган 75 миң сомду Бегмат Омурзаков алды. Ал эми 1- орунду Эрбол Абдираимов ( 50 миң сом), экинчи орунду Нургазы Токчулуков (30 миң сом), үчунчү орунду Ырыскелди Батаев (20 миң сом) ээледи.

Автордук чыгарма аткарган Абдырасул Юлдашевге 10 миң сом тапшырылды. Калган катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктар жана белектер менен сыйланды.

Иш-чараны уюштурууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Ош мамлекеттик университети колдоо көрсөткөн.

 

Фото галерея